Шашылыш кабар:

Түштүк Корея Кыргызстанга тез жардам жана өрт өчүрүүчү унааларды берди

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Түштүк Корея Кыргызстанга тез жардам жана өрт өчүрүүчү унааларды берди
Кыска кабар
0

Түштүк Корея Кыргызстанга 2 тез жардам жана 2 өрт өчүрүүчү унаа берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-августта Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов менен өлкөнүн өрт өчүрүүчү кызматынын өкүлдөрү менен жолугушту. Корея мыйзамына ылайык, өрт өчүрүүчү унаалар 8 жыл колдонулса, тез жардам унаалары 5 жылдан кийин башка өлкөгө сатылат же өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө берилет.

Мындан улам, Сеулдагы жолугушууда  Кыргызстанга 2 тез жардам жана 2 өрт өчүрүүчү унааны кийинки жылдын башында өткөрүп берүү чечими кабыл алынды. Буга кошумча, кийинки жылы Кыргызстанга өрт өчүрүүчү мекемелерди куруу долбоорунун алкагында дагы 12 өрт өчүрүүчү унаа берилери маалым болду.

Мындан тышкары, Кореянын өрт өчүрүүчү кызматы Кыргызстандык кесиптештерине бекер тренинг өткөрүүгө даяр экенин билдиришти.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache