Шашылыш кабар:

Кадамжайда сурма комбинатынын жерин сатууга аракет кылгандар кармалды

Август 10th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Кадамжайда сурма комбинатынын жерин сатууга аракет кылгандар кармалды
Кыска кабар
0

Кадамжай районунда сурма комбинатынын жерин сатам деп бир канча адамдан акча алып жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын январынан бери милицияга райондун 7 тургуну арыз менен кайрылган. Алар арызда комбинаттын жерин сатам деп акча жана унааларды алып, качып жүргөн жарандарга чара көрүүнү өтүнүшкөн. Арыздарда көрсөтүлгөндөй, шектүүлөр тургундардан жалпы 518 миң сом жана үч унаа алышкан.

Бул факты Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин «алдамчылык» беренеси негизинде иш козголуп, шектүүлөргө издөө жарыяланган. Кадамжай райондук милициясы ыкчам тергөө тобу тарабынан Бишкектеги батирлердин биринде жашынып жаткан жеринен шектүү катары 39 жаштагы Э.С жана 59 жаштагы И.С аттуу жарандар кармалдв.

Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache