Шашылыш кабар:

Бишкекте орусиялык ишкерге кол салуу аракети болду

Август 10th, 2018 | by Бахар Хакимова
Бишкекте орусиялык ишкерге кол салуу аракети болду
Кыска кабар
0

Бүгүн, 10-августта Бишкек шаарындагы Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жардыруу болуп, эки адам жабыркады. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча бул россиялык ишкерге кол салуу болгон.

Такталбаган маалымат боюнча кол салуу болгон россиялык ишкер мергенчилик куралдарын сатуу менен алектенет.

Башка маалымат каражаттарынын жазганына караганда, ишкер өзү жеңил жаракат алып түшкү саат бирге жакын аны «Тез жардам» алып кеткен.

Жарылуучу зат ишкердин унаасынын жанындагы бадалга коюлушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache