Шашылыш кабар:

Стамбулдагы «Ататүрк» аэропорту жабылат

Август 10th, 2018 | by Бахар Хакимова
Стамбулдагы «Ататүрк» аэропорту жабылат
Дүйнө кабарлары
0

Түркиянын Стамбул шаарындагы «Ататүрк» аэропорту быйыл 31-октябрда жабылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазууда.

Маалымат боюнча, «Ататүрк» аэропорту кызматтык, жеке жана өкмөттүк каттамдарды гана тейлей баштайт. Кийинчерээк аба майданы толугу менен ишин токтотот.

Ал убакытта шаардагы жаңы аэропорт ишке кирип, алгачкы эл аралык каттам Азербайжанга жүргүзүлөөрү кабарланды.

Стамбул шаарындагы жаңы ачыла турчу аба майданынын аянты 76,5 млн чарчы метрди түзөт. Терминалдын аянты 1,6 млн чарчы метр.

Кошумчалай кетсек, «Ата Түрк» аэропортунан 2017-жылы 32 миллиондон ашык чет өлкөлүк жүргүнчү өткөн. Алардын 105 миңге жакыны кыргызстандыктар.

Стамбулда мындан тышкары, Сабиха Гөкчен атындагы эл аралык аэропорт иштейт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache