Шашылыш кабар:

Жусупбекова: Бир да окуучу мектепсиз калбайт

Август 10th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Жусупбекова: Бир да окуучу мектепсиз калбайт
Кыска кабар
0

Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгы 15-августка чейин бардык окуучулады мектепке орноштурат. Бир да окуучу мектепсиз калбайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, ички миграциянын айынын борборго көчүп келген жарандар убактылуу жашаган жери боюнча маалымкат тапшырып, балдарын мектепке бекер киргизе алышат.

«Эгер мектеп жетечилери акча сурашса жарандар биздин мекемеге арыз менен кайрылышсын. Кээ бир мектептин ата-энелери мекемеге салым кошуу максатында камкорчулар кеңешин түзүшөт.  Аталган кеңеш жылына кеминде 2 жолу ата-энелерге отчет бериши зарыл. Ата-эне каражат жагынан кыйналып жатса коомдук камкордукка кошулбай койсо болот. Алар эмне себептен акчаа чогултуп жатканын сурашпайт, бирок нааразычылыгын билдирип жүрө беришет. Министрликтин коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө арызданган учур сейрек кездешет», — дейт Жусупбекова.

Ал белгилегендей, мектеп окуучулары быйыл да бирдиктүү форма кийишет.

«Озерныйдагы мектепте окуучу көп. Аламидин районунун жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул маселени карап жатат. Окуучулар мектепсиз калбайт. Ак-Ордонун окуучуларын мектептерге орноштурдук. Алардан акчы алынган жок», — деп кошумчалайт Жусупбекова.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache