Шашылыш кабар:

Орусия Стивен Сигалга дипломатиялык паспорт берген жок

Август 9th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Орусия Стивен Сигалга дипломатиялык паспорт берген жок
Дүйнө кабарлары
0

Орусия тышкы иштер министрлигинде АКШ-Орусия маселеси боюнча атайын өкүл болуп жаңы дайындалган Стивен Сигалга дипломатиялык паспорт берилген жок. Бирок, зарылдык туулса бул маселе кайра көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Буга чейин белгилүү актер атайын өкүлдүк кызматына келүү менен маданият, илим, спорт тармактарында жана АКШдагы Орусияга тиешелүү маданий жайларды сактоо боюнча иш алып бараары айтылган.

«Стивен Сигал мырзанын эч кандай дипломатиялык паспорту жок. Бизге паспорт берилиши мүмкүнбү деген суроо келип түшкөн. Ооба мындай болушу мүмкүн, эгер иш алып барууда зарылдык туулса», — деди Захарова.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache