Шашылыш кабар:

Каленбаев бильярд боюнча эл аралык мелдеште чейрек финалга чыкты

Август 9th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Каленбаев бильярд боюнча эл аралык мелдеште чейрек финалга чыкты
Кыска кабар
0

Кыргызстандык Арсен Каленбаев бильярддын «Эркин пирамида» түрү боюнча дүйнөлүк биринчиликте чейрек финалга чыкты. Молдованын Бельцы шаарында өтүп жаткан турнир 6-августта башталган, 11-августта жыйынтыкталат.

Маалыматка ылайык, мелдешке 16дан 19 жашка чейинки спортчулар катышууда. Арсен Каленбаев Кыргызстандын атынан турнирге жалгыз катышууда. Ал буга чейинки үч беттешти ийгиликтүү жыйынтыктады. Каленбаев 1/8 финалда украиналык бильярдчы Максим Бондаряны 6:0 эсеби менен жеңип чыкты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache