Шашылыш кабар:

БУУнун башкы катчысы дүйнөнү өзөктүк куралдан арылууга чакырды

Август 9th, 2018 | by Талгат Мураталиев
БУУнун башкы катчысы дүйнөнү өзөктүк куралдан арылууга чакырды
Дүйнө кабарлары
0

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш дүйнөнү өзөктүк куралдан арылууга чакырды. Ал мындай пикирин Жапониянын Хиросима жана Нагасаки шаарынын бомбаланышынын 73-жылдыгына карата өтүп жаткан эскерүү иш чарасында билдирди.

Тынчтык паркында өткөн эскерүү жөрөлгөсүндө Гуттереш дүйнөдө өзөктүк куралдан арылуу жараяны солгундап, ал тургай токтоп калганын баса белгиледи.

Анын айтымында, өзөктүк арсеналы бар өлкөлөр миллиондогон каражаттарды жумшап, аны заманга ылайыктап жатат. Миллиондогон адамдар азыр да өзөктүк курал согушунан коркуп жашайт. 73 жыл мурунку коркунучтун көлөкөсү дале сакталып калууда.

Антониу Гутерреш аталган иш чарага катышкан алгачкы катчы болуп калды. Ал 1945-жылкы алааматта аман калгандар менен да жолукту. Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта аянычтуу окуяга күбө болгон 155 миңдей киши жашайт.

Эске салсак, АКШнын куралдуу күчтөрү 1945-жылдын 9-августунда саат 11де Нагасакиге өзөктүк бомба таштаган. Нагасакиде 70 миңдей, Хиросимада 140 миңге чукул киши курман болгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache