Шашылыш кабар:

Мыкты дарбазачы Тибо Куртуа «Реал Мадридге» өттү

Август 9th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Мыкты дарбазачы Тибо Куртуа «Реал Мадридге» өттү
Дүйнө кабарлары
0

Испаниянын «Реал Мадрид» футболдук клубу дарбазачы Тибо Куртуаны сатып алды. Бул тууралуу «Евроспорт» сайты жазды.

Маалыматка ылайык, Бельгия улуттук курамасынын дарбазачысы 9-августта медициналык кароодон өтүп, «Сантьяго Бернабеу» стадионунда күйөрмандарга көрсөтүлөт. «Реал Мадрид» 26 жаштагы Куртуаны 35 миллион еврого сатып алып, 6 жылга келишим түздү.

Тибо Куртуа «Челси» футболдук клубуна 2011-жылы өткөн, бирок 3 жыл «Атлетико» клубунда ижарада ойногон. 2014-жылы «Челси» клубунун негизги дарбазачысы болуп, азыркы маалга чейин 2 жолу Англия чемпиондугун, 1 жолу Англия кубогун жана 1 жолу Англия лигасынын кубогун жеңип алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache