Шашылыш кабар:

Арменияда мурунку премьердин агасы кармалды

Август 9th, 2018 | by Бахар Хакимова
Арменияда мурунку премьердин агасы кармалды
Дүйнө кабарлары
0

Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы мурунку премьер-министр Обрик Абрамяндын агасы, экс-депутат Генрих Абрамянды кармады. Маалыматтарга ылайык, ал мыйзамсыз курал сактоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшкөн.

Мхчян айылындагы механикалык-оңдоо заводунда өлкөнүн мурунку өкмөт башчысына тийиштүү курал-жарак жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталган.

Аталган объектиде 6-август күнү тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында мурунку премьер-министр Обрик Абрамяндын агасы, экс-депутат Генрих Абрамян менен Амбик Геворкян кармалышты.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache