Шашылыш кабар:

Исмаилов: “Саламаттыкты сактоо тармагы өнүгүү алдында турат”

Август 9th, 2018 | by Канай Анаркулов
Исмаилов: “Саламаттыкты сактоо тармагы өнүгүү алдында турат”
Күн Чабыт
0

Саламаттыкты сактоо министрлиги калктын ден соолугун сактоого жана бул тармакты 2019-2030-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө багытталган программасын өкмөткө жиберди.

«Дени сак адам — гүлдөп өнүккөн өлкө» аталышындагы документ өкмөттүн расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. Министрлик программанын долбоору Кыргызстандын 2018-2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү стратегиясын эске алуу менен даярдалгандыгын кабарлашууда. Мына ушул долбоор тууралуу аталган министрликтин Стратегиялык пландоо башкармалыгынын башчысы Медер Исмаилов менен маектештик.

Бул программа өзүнө эмнени камтыйт жана анын негизги максаты тууралуу айтсаңыз?

Программаны эксперттик топ бир жылда иштеп чыктык. Анын негизги максаты ар бир жаран, үй-бүлө жана бүтүндөй коом туура жашап, дени сак болууга багытталган. Калктын өз ден-соолугуна карата жоопкерчилигин өстүрүп, мамлекет аны коргоого алышын шарттайт. Аталган системаны 2030-жылга чейинки максаттары менен милдеттери жазылган. Ага бул тармактагы приоритеттүү багыттар кирип, дары-дармектин баасы арзандатуу, лабораториялык кызмат, электрондук саламаттыкты сактоону жакшыртуу, республикадагы бадык медициналык мекемелерди модернизациялоо өңдүү бир катар маселелер киргизилген.

Министрлик программадагы пландарды ишке ашыруу үчүн 2023-жылга чейин алгач 5,1 миллиард сом керектигин жар салды. Ал кайсыл булактардан алынат?

Негизи программа 2030-жылга чейин деп жазылганы менен биз алгачкы беш жылын алып, баштайлы деп турабыз. Ал эми каражат маселесине келсек, 2 млрд сом бюджеттен каралат. Өкмөт аны бөлүүгө макул болду. Дүйнөлүк банк, Немис өнүктүрүү банктары сыяктуу бир катар мекемелер менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Алар бул долбоор ишке кирсе, 2019-жылдан тарта 50млн доллар гранттык жардам беришерин айтышты. Ал 3,5 млрд сомдун тегерегиндеги каражат болот. Күзүндө донорлор менен дагы бир жолугушуу болуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз.

Бул программаны качан ишке киргизүү пландалууда, алгачкы баскычтар кайсыл убакытта башталары болжолдонуп жатат?

Биз жогорудагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, механизм жана башка пландары менен документти октябрь айында өкмөткө киргизебиз. Ошол жерден чечилет. Канчалык эрте кирсе, ошончо жакшы болот. Себеби  ооруканадагы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы  эл айтып келе жаткан кезек күтүү, бюрократия, ар эшикти каккылоо сыяктуу маселелердин чечилишине жол ачылат.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache