Шашылыш кабар:

Пайдасыз мамлекеттик ишканалар бизнес өкүлдөрүнө берилет

Август 9th, 2018 | by Бахар Хакимова
Пайдасыз мамлекеттик ишканалар бизнес өкүлдөрүнө берилет
Кыска кабар
0

Натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же бизнес өкүлдөрүнө башкарууга берилиши керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 9-августта кеңешмеде билдирди.

Анда өкмөт башчы мамлекеттик менчиктеги мүлк калктын кызыкчылыгы үчүн иштеп, киреше алып келиши керектигин айтты. Ошондой эле, натыйжасыз мамлекеттик ишканалар жоюлуп же бизнес өкүлдөрүнө башкарууга берилиши керектигин белгиледи.

Бүгүнкү күнү инвесторлор үчүн инвестициялык лотторду түзүү чечими кабыл алынды. Бул чечим бизнес үчүн бюрократиялык жана коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартат. Лотторду түзүү өсүү түйүнү катары тандалган 20 шаарга инвесторлорду тартууга жол ачат», — деди Абылгазиев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Тулебердиев маалымдагандай, учурда токтоп турган жана жарым-жартылай пайдаланылган имараттардын, курулуштардын, жер тилкелердин саны көп.

Ошондой эле, сентябрда инвестициялык форум өткөрүү пландалып жатканын, анда бардык лоттор сунушталарын айтты.

Абылгазиев ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache