Шашылыш кабар:

Көчмөндөр оюнуна карата Балыкчы-Корумду жолунун жарымы бүткөрүлөт

Август 9th, 2018 | by Бахар Хакимова
Көчмөндөр оюнуна карата Балыкчы-Корумду жолунун жарымы бүткөрүлөт
Кыска кабар
0

Балыкчы-Корумду жолунун жарымы Көчмөндөр оюнуна карата жасалып бүтөт. Бул тууралуу Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Жумаш Сааданбеков билдирди.

Анын айтымында, оюндар башталганга чейин аталган жолдун 23-43-чакырымдары оңдолот. Ал эми 23-чакырымга чейинки бөлүгү 2019-жылы бүткөрүлөт. Мындан тышкары, быйыл жолдун 85-чакырымынан 104-чакырымга чейинки бөлүгү оңдолуп бүтөрү кабарланды.

Эске салсак, буга чейин Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, быйыл Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушуна 935 млн сом каралганын, жыл соңуна чейин аталган жолдун 265,5 чакырымына бетон төшөлөрүн айткан.

Ал эми Көчмөндөр оюнуна карата тапшырмага ылайык алты көпүрөнүн курулуш иштери бүткөрүлөрү кабарланган.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache