Шашылыш кабар:

Таш-Көмүрдө кремнийди кайра иштетүүчү завод курулууда

Август 9th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Таш-Көмүрдө кремнийди кайра иштетүүчү завод курулууда
Коом
0

Таш-Көмүр шаарында кремнийди кайра иштетүүчү завод курулууда. Аталган ишкананы «Кварц компани» компаниясы салып жатат. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна даяр продукцияны өндүрүүгө ылайыкташтырылууда. Учурда заводдун курулушу финансы каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу 75%ы гана аяктаган. Ишкананы толук ишке киргизүү үчүн 1,5 млн АКШ доллары зарыл.


Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын тургуну Маратбек Аттокуров кремнийди кайра иштетүү үчүн курулуп жаткан заводдо бир жылдан бери иштейт. Айлык акысы 30 миң сомго чейин жетет. Бул каражат үй-бүлөсүн багууга жетээрин айтып, жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кетпегенин билдирди.

Бул жерде мен жумушчуларды башкарып, иш берип турамын. Азыр жумуш жакшы жүрүп жатат. Заводдун курулушун бүтүрүп, ишке киргизүүгө аракет кылуудабыз. Бизде 25 адам иштейт, дагы алабыз. Кыргызстанда эле ушундай жумуштарда иштеген жакшы. Мигрант болуп кетип, үй-бүлөңдөн алыста калып, акчаңды топтой албайсың.

Таш-Көмүр шаарында кремнийди кайра иштетүүчү заводду салууга 2014-жылы жер бөлүнүп берилип, учурда курулушу жүрүүдө. Учурда заводдун курулушу финансы каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу 75% гана аяктаган. Бул тууралуу «Кварц компани» ишканасынын юристи Урмат Кулдушев билдирди.

Анын айтымында, заводдо кремний заты өндүрүлөт. Чыккан продукция Кытай, Орусия, Түштүк Корея жана Германияга экспорттолмокчу.

-Бул завод 2018-жылдын төртүнчү кварталында бүтөт. Ишкана бүтүп кала турган болсо Таш-Көмүрдө 120 адам жумушка алынат. Андан тышкары шаарга салык төлөйбүз. Бул жеке ишкана, мамлекеттин тиешеси жок. Мэрия тараптан жер берилген.

Курулуп жаткан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миң тонна даяр продукцияны өндүрүүгө ылайыкташтырылууда. Ишкананы толук ишке киргизүү үчүн 1,5 млн АКШ доллары зарыл.

Таш-Көмүр шаардык мэриясы бөлүп берген жер аталган компанияга 49 жылга ижарага берилген. Бул тууралуу аталган шаардык мэриянын өнөр жай жана инвестиция тартуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Надырбек Миңдалиев билдирди.

-Мында кремний өндүрө турган заводдорго керектелүүчү техникалык кремнийди өндүрүшөт. Аны кварцтан жасашат. Ал эми мэрия тарабынан эки жарым миң гектар жер бөлүнүп берилди.

Айта кетсек, өткөн аптада өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кремний затын кайра иштетүүчү «Кварц компани» компаниясынын ишмердиги менен таанышып чыккан. Ал ишканага насыялык жардам көрсөтүүгө кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган. Жакын арада аталган заводду толук кубаттуулукта ишке киргизүү үчүн ишкана менен кызматташуу зарыл деп баса белгелеген.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache