Биз менен байланышыңыз

Македониянын атын өзгөртүүсү Грецияга жакты

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 614 | 0

Грециянын парламенти Македониянын атын “Түндүк Македония Республикасы” деп атоону жактырды. Бул туурасында Македониянын басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык өзгөртүүгө 153 депутат макулдугун берсе, 146 каршы жана 1 калыс болгон. Дебат 38 саатан ашык убакытка созулуп, 200дөн ашуун депутат сөз сүйлөгөн.
Өзгөртүүгө ылайык эми өлкө “Түндүк Македония Республикасы» деп аталат.
Буга чейин 2018-жылдын 17-июнунда Македония менен Грециянын Тышкы иштер министерлери, эки өлкөнүн чек арасынан өткөн Преспа көлүнүн жээгиндеги салтанаттуу иш чара учурунда, мурунку Югославия Республикасынын атын өзгөртүү келишимине кол коюшкан. Келишим боюнча “Түндүк Македония Республикасы” –деген ат колдонулат.

Ошондой эле «Македония»деп  Грециянын маанилүү аймагынын бирөөсү аталган үчүн, өлкөнун атын өзгөртүү демилгесин эки тарап тен колдошкон.
Эске салсак, өлкөнүн атын өзгөртүү боюнча конституциялык оңдоолорду Македония парламенти ушул жылдын январь айында кабыл алган.
Бул келишим көптөн берки талаштуу маселени чечип эле тим болбостон, Скопьеге НАТО жана Евробиримдигине да жол ачат.

Copyright © 2017 Maral FM