Шашылыш кабар:

Президент: Мамлекет мигранттарды дайыма колдойт

Август 8th, 2018 | by Бахар Хакимова
Президент: Мамлекет мигранттарды дайыма колдойт
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-августта Чолпон-Ата шаарында «Рух-Ордо» комплексинде өтүп жаткан «Мекендештер» форумуна катышты.

Анда Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктап жатып, сыртта жүргөн мекендештердин салымын, өлкөнүн келечегин курууга болгон активдүү катышуусун эске алуу керектигин айтты.

Мамлекет башчы өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясында чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүү, алардын жетишкендиктерин Кыргызстанда толук кандуу пайдалануу үчүн маанилүү кадамдар каралганын белгиледи.

Ошондой эле, коррупция менен болгон күрөш, салык жана бажы чөйрөсүндө ачык-айкындыкты, адилет мамилелерди орнотуу иштери жүрүп жатканын айтты.

“Абийир менен ар намыска ар кандай мамиле кылган адамдардын эки чоӊ тобу бар. Биринчиси, Кыргызстанды тоноп, мекендин байлыгын алып чыгып кеткендер. Эл-журттун ырыскысын уурдагандарга мамлекеттин укуругу узун, эртеби-кечпи жооп берчү күн келет” – деди  президент.

Ал мындан тышкары, үй-бүлөсүн багуу үчүн бөтөн жерде эмгек кылып жүргөндөрдү, ак эмгеги, маӊдай тери менен байлык топтоп, Кыргызстанга алып келгендерди, ата-журттун өнүгүүсүнө салым кошууну эӊсеп, аны дайыма жүрөгүндө сактагандар – мигранттар экенин белгиледи.

Жээнбеков муну менен катар мекендештердин Кыргызстанга инвестиция салуусуна шарт түзгөн «Мекен-карт» улуттук демилгесин тезирээк ишке ашыруу зарылдыгын айтты.

Президент мамлекет менен чогуу иштөө үчүн туруктуу мүнөздө иштей турган кеӊеш түзүү ниетин билдирип, мекендештерге мамлекет тарабынан ар дайым колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache