Шашылыш кабар:

Токтогул ГЭСинде авариянын белгилери бар

Август 7th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Токтогул ГЭСинде авариянын белгилери бар
Экономика
0

Токтогул ГЭСиндеги биринчи блоктук трансформатордо 5-августта ири авария катталды. Бул тууралуу коомдук ишмер Расул Умбеталиев айтып чыкты.

Токтогул ГЭСиндеги блоктук трансформатордо 5-августта ири авария катталды. Бул маалыматты  коомдук ишмер Расул Умбеталиев коомчулукка айтып чыкты. Анда өлкөдөгү эң чоң Токтогул ГЭСинде жогорку категориядагы авария катталып, блоктук трансформатор иштен чыкканын «Марал» радиосуна билдирди. Берген маалыматында учурда №1 гидроагрегат электр энергиясын иштеп чыга албай жатат.

Токтогул ГЭСиндеги биринчи блоктук трансформатор иштен чыкты деген маамылаттар берилип жатат. Мага ошол жерде модернизация иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлер кабарлап жатат. Алар бул маселени айтып жетекчиликке кайрылышканы менен эч кандай чара көрүлбөгөнүн айтышууда. Себеби авариянын артынан ири  2-3 трансформатор күйүп кетиши мүмкүн деп жатышат.

 Ал эми «Электр станциялары» ири авария катталганын четке кагууда. Ишкананын жетекчисинин биринчи орун басары  Исламбек Сарсеитов  болсо, Токтогул ГЭСинде ири авария катталган эмес деп жатат. Коомдук ишмер Расул Умбеталиев айтып жаткан Токтогул ГЭСиндеги №1 трансформатор менен №1 гидроагрегат 15-июлдан тарта сынамык режимде экенин айтып, эксплуатацияга бериле электигин кабарлады.
Бул жерде эч кандай авария болгон жок. Авария деп биз иштеп жаткан трасформаторго күч келип иштебей калган учурду айтабыз. Бирок бул жерде андай болгон жок. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы 4-августта ошол жактагы иш менен таанышып келген.

Бирок трансформаторду сынамык режимде текшерүү учурунда  мүчүлүштүктөрдүн бар экени аныкталганын бизге маалымдады.

Биринчи трасформатор тесттик режимде иштеп жатат.  Алардын 15- августка чейин мөөнөтү бар. Азыркы учурда модернизациядан өткөн агрегаттар менен трансформаторлор жакшы иштеп жатат. Болгону айрым жерлерде майда мүчүлүштүктөр бар. Аларды 15-августка чейин толук оңдоп бүтүшөт. Бул өтө чоң мүчүшүктүк эмес. Болттун катырмасы жакшы катырылбай калган.  Бул аварияга алып келчү деле кырдаал эмес.

Анткен менен майда мүчүлүштүк деп көңүл бурбай коюга болбой турганын Токтогул ГЭСинде иштеп кеткен ардагер  Болот Иманалиев айтат. Себеби майда кемчиликтер бара-бара чоң аварияны пайда кылышы мүмкүн деп өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Кандай гана мүчүлүштүк болбосун ага өзгөчө көңүл буруу керек. Майда мүчүлүштүктөрдү карабай койсо, ал чоңоюп отурат. Аягында чоң аварияны пайда кылат. Себеби ар бир агрегат же трансформатордун өзүнүн иштөө мөөнөтү болот. Бизде 25 жыл деп эсептелген. Бирок Кыргызстанда андан дагы көп убакытка иштейт. Ошондуктан коюлуп жатканда агрегаттарга текшерүүнү күчөтүү керек.

Эскерте кетсек, учурда Токтогул ГЭСинде  SM Powertech жана JOC  аткаруучу компаниялары модернизация иштерип жүргүзүп жатат.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache