Биз менен байланышыңыз

Парламент Транспорт министрлигине Жанат Бейшеновдун талапкерлигин колдоду

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 609 | 0

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Транспорт жана жолдор министрлигине Жанат Бейшеновдун талапкерлигин колдоду. Ага 94 депутат макул добушун берди.

Талкуу учурунда депутаттар жол оңдоодогу көйгөйлөр, транспорт маселелери боюнча бир катар суроолорду узатышты.

Бейшеновдун талапкерлигин буга чейин парламенттин тармактын комитети карап чыгып, жактырган. Аны өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган.

Мурунку министр Жамшитбек Калилов президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин арыз жазып иштен кеткен.

Жанат Бейшенов 1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 1993-жылы Кыргыз архитектура-курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис, чех тилдерин билет. КУУда окутуучу, Өкмөт аппаратында, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM