Шашылыш кабар:

Cатуудан алына турган салыкты көтөрүү сунушталды

Август 6th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Cатуудан алына турган салыкты көтөрүү сунушталды
Экономика
0

Экономика министрлиги сатуудан алына турган салыктын көлөмүн 2 пайыздан 5 пайызга көтөрүүнү сунуштады. 

Бизге 2 пайыз эле туура болчу. Эми ал 5 пайызга жогоруласа, өтө эле кыйын болот. Ойлосоңуз бир миллиондун 5 пайызы 50 миң сом болот. Бул бир жеке ишкер үчүн оорчулук жаратат. Ар бир эле ишкердин мүмкүнчүлүгү жетпейт. Мисалы бир тонна товар алгандардын патенттери, банктык эсептери жок. Эми демилге ишке ашып калса, бул базардагы баалардын өсүшүн о алып келет.

Бул «Талас сүт» ишканасынын директору Мырзакан Давлеталиев. Ишканасындагы эсептөөлөрдү накталай эмес жүргүзөт. Бирок Таластагы ишкерлердин көбү накталай эсептешүүлөр менен иш алып бараарын айтып тынчсызданып жатат. Анткени сатуудан алынчу салыктын көлөмү жогоруласа, базардагы товардын баасы дагы көтөрүлөт.

Коомчулуктун мындай нааразычылыгын пайда кылып жаткан демилге тууралуу Экономика министри Олег Панкратов журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, түшүндүрмө берди. Анын айтымында, сатуудан түшкөн салыкты жогорулатуу нак эмес эсептешүүлөрдүн көлөмүн арттырат. Ошондуктан, бул демилгенин чакан жана орто бизнеске көп деле тиешеси болбойт.

Биз азыр сунушту гана айтып жатабыз. Сиз жана биз демоктариялуу өлкөдө жашайбыз. Премьер-министр же министр салыктарды каалаганда киргизип же алып салган учурлар токтогон. Сөзсүз баардык жактын ойлору эске алынат. Бирок бир несени белгилеп өтүшүм керек…  Айрым учурда өкмөт баарына жаккан чечимди кабыл ала албайт. Мисалы, буга чейин аксиз салыктарын көтөрүү деле көпчүлүккө жаккан эмес. Бирок биз ал чечимди кабыл алдык. Себеби элдин саламаттыгы бизге керек.  

Сатуудан алынуучу салыкты жогорулатуу демилгеси накталай эсептерге гана тиешелүү. Накталай эмес төлөмдөрдү акча которуу, электрондук капчык, пост-терминал же башка ыкма аркылуу ишке ашырууда акча алынбайт.

2016-жылы нак эмес эсептешүүлөргө салык 0 пайызга теңелген. Натыйжада нак эмес эсептешүүлөрдүн көлөмү 35,4 пайыздан 42 пайызга жогорулаган. Бул  жол аркылуу өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмүн үч жылда эки эсе жогорулатууга боло турганын министр кошумчалайт. «Ошону менен көмүскөдө иштеген бизнестерди ачык иштөөсүнө жол ачылат«- деди Панкратов.

“Мамлекет салык жүгүн азайтуу үчүн иштеп жатат. 2015-жылы сатып алуудан 7,5 миллиард сом салык жыйнаганбыз. Бул салыкты жокко чыгаргандан кийин 4 миллиард сом топтодук. Биздин милдетибиз ушул салыктын түшүшүн көбөйтпөө. Биздин алдыбызда башка максат турат – көмүскө сектордон ошол жакта иштегиси келген адамдарды алып чыгуу. Көмүскө сектордун 50 пайызын ак секторго алып чыгууну 3 жылдын ичинде ишке ашырсак, ИДПны эки эсе көбөйтө алабыз.

Министрликтин көмүскөдөн чыгуунун жолу салыктарды көтөрүү эместигин ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов белгилейт. Анын айтымында, демилге ишке ашса, тескерсинче көмүскөдө иштегендердин санынын өсүшүнө алып келет. Себеби салык ачык айкын иш алып баргандарга көтөрүлүп жатат.

өмүскөдөгү бизнести ачыкка алып чыгуунун жолу бул эмес. Бизнестин ачык иштөөсүн камсыз кылуу үчүн салыкты көтөрүүнүн кереги жок. Анын башка механизмдери бар. Бул ыкма менен көмүскөдөгү ишкерлер дагы деле көмүскөдө кала берет. Ал эми ачык-айкын иш алып барган ишканаларга гана кошумча жүк болду. Бүгүнкү күнү соода-сатык кылган ишкер 2 пайыз менен салык төлөп жатсак, бул демилге менен 5 пайыз төлөп калабыз. Ошого жараша товардын баасы дагы жогорулайт.   

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев мындай демилгени алып чыгаардан мурун, ишкерлерге шарт түзүп бериши керек дейт. Анткени алыскы аймактарда накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө банк терминалдары толук жеткен эмес. Ошондуктан бул аймактагы бизнести жок болуусуна алып келээрин айтып буларга токтолду.

Азыркы тапта бул мыйзамдын кереги жок. Мунун таасири эң биринчи аймактардагы ишкерлерге таасири тиет. Анткени ал жерлерде банк терминалдары жок. Бүгүнкү күнү мөмө-жемиш же сүт продукцияларын накталай сатып алгандарга кыйын болуп калат. Ошондуктан, демилгени көтөрүп чыгаардан мурун, өкмөт  шартты түзүп бериши керек. Эң алдын электрондук негизде салык төлөгөн ишкерлерди кызыктырган жолдорду таап чыгышса болмок. Бул мыйзам аймактарды өнүктүрүү жылында аймактардагы бизнести жок кылат.  

Эми министрликтин сунушу ишкерлер менен талкууланат. Атайын бул үчүн министрликтин адистери жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлөт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache