Шашылыш кабар:

Ректор шайлоо: Жаңы жобо натыйжа бербейт

Август 6th, 2018 | by Бахар Хакимова
Ректор шайлоо: Жаңы жобо натыйжа бербейт
Күн Чабыт
0

Жогорку окуу жайлардын ректорлорун өкмөт эмес, окуу жайдын кызматкерлери добуш берүү жолу аркылуу шайлай турган болду. Бул багыттагы мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү, мамлекеттик жогорку окуу жайдын ректору болуп дайындалгысы келген талапкер шайлоодон 50 пайыздан ашык добуш алышы керек. Эгер бир да талапкерлер 50 пайыздан ашык добуш албаса, анда экинчи турга эң көп добуш алган эки талапкер катышат. Алардын 50 пайыздан ашык добуш алганын министрлик ректор кылып бекитет. Эми мындан кандай натыйжа чыгат, мурунку Билим берүү жана илим министри, профессор Мустафа Кидибаев «Күн чабыт» программасына маек курду.

Марал: Эми жаңы жобону киргизүү менен эле ректор шайлоодогу көйгөй чечилип кетеби? Анткени коомчулукта ректорлорду шайлоодо күмөн ойлор көп.

Мустафа Кидибаев: Бизде 27 жылдан бери билим берүү тармагын оңдойбуз, реформа жасайбыз деп аракет кылып келишет. Бирок турган нерсени бузуп алып, оңолбой эле тескери жакка кетип жатабыз. Себеби шайлоо системасынан да натыйжа чыкпайт. Мына, депутаттарды шайлоо кандай өтөөрүн да көрдүк. Ошондой эле, ЖОЖдордо да 6-7 жылдан бери ректорлорду шайлоо жолу менен тандоо керектигин айтып келишет.

Шайлоо болгондо биринчи орунду алган талапкер бекитилиши керек. Бирок 3 талапкер чыгарып, эки эсе көп добуш алгандар өтпөй калат да, андан аз алгандар өтүп калып жатат. Эми демократиялык жолдо ректорду коллектив шайлашы керек, бул туура. Бирок мамлекет ошол коллективди бузуп алды. Коллектив экиге, үчкө бөлүнөт экен, бири-бирине каршы чыккандар бар.

Марал: Кызматкерлердин 50 пайыз добушун алган адам ректор болуп шайланышы керек деп жатат, эгер ал тийиштүү добушту албай калса кайра шайлоо өткөрүш керекпи?

Мустафа Кидибаев: Туура, тийиштүү добуш албай калганда кайра шайлоо өткөрүү керек. Бирок бул дагы деле натыйжа бербейт. Мисалы, Казакстанда улуттук жогорку окуу жайлардын ректорлорун президент, калганын премьер-министр бекитет. Башка окуу жайлардыкын Билим берүү министрлиги тандайт.

Марал: Негизи ректор шайлоонун жолу кандай болушу керек деп ойлойсуз?

Мустафа Кидибаев: Менин жеке оюмда, шайлоо демократиялык жол менен өтүшү керек. Бирок анын өтүшүндө катышуучулардын саны көп болуп кетет, ошондуктан баары бир бөлүнүү болот. Андыктан ректорлорду шайлоону мурунку эле тартипте өткөрүү керек. Мисалы, ар бир кафедрадан санына жараша делегат шайлаш керек. Ошондо 500 киши болсо, ушул жетиштүү.

Эми азыркы жаңы өзгөрүүлөрдөн да дароо натыйжа күтүү туура эмес, убакыт керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache