Шашылыш кабар:

Жаңы окуу жылында балдар электрондук кезек менен кабыл алынат

Август 3rd, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Жаңы окуу жылында балдар электрондук кезек менен кабыл алынат
Билим жана Маданият
0

Бул тууралуу Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева бүгүн өкмөттүн жалпы жыйынында айтты.

2018-19-жаңы окуу жылында билим берүү тармагында бир катар өзгөрүүлөр болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева өкмөттүн жалпы жыйынында айтты. Анда жаңы окуу жылынан тарта билим берүү мекемелери балдарды электрондук негизде кабыл ала турганын кабарлады. Мындай кадам балдарды бала бакчага жана мектептерге алуудагы коррупцияга бөгөт коюу максатында жасалып жатканын кабарлады.

Өкмөттүн программасынын алкагында бала бакчаларга электрондук кезек иштелип чыккан жана Бишкек шаарында киргизилген. Бул программанын негизги максаты балдарды кабыл алууну ачык айкын кылуу, бирдей шарт түзүү жана коррупцияны жок кылуу болуп саналат. Бүгүнкү күнгө 9079 электрондук арыз келип түшкөн. Анын 1176 бала электрондук кезек менен кабыл алыныган.  

Ошону менен жаңы окуу жылында республика боюнча 2262 билим берүү мекемелери эшигин ачат. Анын 1427 мектептер түзөт. Быйылкы жылы  1млн 223миң  бала билим алат. Ошону менен окуучулардын саны 4 пайызга көбөйдү.

Балдарга сапаттуу билим берүү үчүн үстүбүздөгү жылы билим берүү системасында чоң өзгөрүүлөр жасалат. Анда англис тил сабактары буга чейин жумасына эки жолу берилип келсе, эми 5кө көбөйтүлдү.

Бул өзгөртүүлөр чет тилинин саттарын жогорулатууга, 5-класстан баштап информатика предметин киргизүүгө, мамлекеттик тилди окутуу методикасын өзгөртүүгө жана так илимдердин көбөйтүүгө тиешелүү болду.

Мындан сырткары аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Кыргызстандагы мектептерге 100 пайыз интернетке туташтырылат. Анын алкагында 60 инновациялык мектептер түзүлөөрүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымдады. Анын 30 шаарларда уюштурулса, калганы район борборлорпунда ачылат.

Билим берүү системасы өтө ыкчам өнүгүп бараткан технологиялардын агымы менен тең кетиши керек. 2018-жылы мектептерди 100 пайыз интернетке кошобуз дедик. 30 инновациялык мектепти ишке киргизүү өкмөттүн алдында приоритет болуп турат. Окутуунун сапатын жогорулатып, билим алууда шаар менен айылдын ортосунда айырмачылык болбошу керек.

Ошондой эле мектепке чейинки чейинки билим берүү мекемелери тууралуу сөз жүрдү. Анда 600 бала бакча жетишсиз болуп турганда 73 бала бакча имараттары башка максатта пайдаланууга өтүп кеткенин өкмөт башчы белгилеп, аларды кайтарып алуу иштери жүрөт деди

Эң биринчи милдет бала бакчанын кеңселеринде отургандарды бошотушубуз керек. Бизде мамлекетте үлүшү бар ишканалар заводдор турат. Алардын экономикага салымы болбой жатат. Биз ошолорду карап чыгышыбыз керек дагы бала бакчалардын имаратында отургандарды көчүрүшүбүз керек.  

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда 2-7 жашка чейинки 55 миң бала бар.  Статистикадан карасак 2-9 жашка чейинки балдар былтыркы жылга салыштырмалуу  190 миңге өскөн.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache