Шашылыш кабар:

Бостериде Казакстандык жаран каза болду

Август 5th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Бостериде Казакстандык жаран каза болду
Кыска кабар
0

Бүгүн 5-августта аймактык милицияга эркек кишинин жансыз денеси табылды деген маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМ кабарлайт.
Кырсык болгон жерге тергөө кызматы маалымат келип түшөөр замат жөнөп кеткен. Каза тапкан адам Казакстан жараны болгон. Үй-бүлөсү менен 2-августта эс алуу үчүн Ысык-Көлгө келген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча каза болгон киши коттедже жан берген. Кишинин денесинде зобулук көрсөтүлгөн тактар табылган эмес.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы сууга чөгүп каза болгондордун саны көбөйдү. Өзгөчө Кырдаалдар министрлигини 2-августка карата  берген маалыматында алардын саны 104кө жеткен. Алардын 61и балдар болгон. Чөккөндөрдүн 15и дарыяга, 19у каналга, ал эми 7си суу сактагычка чөккөн. Ал эми жайкы сезондо сууга чөккөндөрдүн саны 81ди түзсө, алардын 20сы Ысык-Көл облусунда катталган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache