Шашылыш кабар:

Стивен Сигал Орусия ТИМинде ишин баштады

Август 5th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Стивен Сигал Орусия ТИМинде ишин баштады
Дүйнө кабарлары
0

Белгилүү киноактер Стивен Сигал Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин орус-америка гуманитарык алакалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Дипломатиялык ведомстводон белгилешкендей Сигалдын жаңы кызматка дайындалышы Орусия-Америка алакасын гуманитардык жаатында мындан ары улантуу болуп саналат.

Актер өзү дагы жаңы кызматында Москва-Вашингтон алакасын мындан ары дагы жакшыртууга баардык аракетин жумшай турганын айткан.

Эскерте кетсек, Стивен Сигал Америкалык белгилүү киноактер. Өзүнүн чыгармачылыгын 1982-жылы баштаган. Андан бери бир катар белгилүү фильмдерде башкы каармандын ролун аткарып атактуулукка жеткен. 2016-жылы Орусия жарандыгын  дагы алган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache