Шашылыш кабар:

Осмоналиев: Адвокаттардын ачык иш алып баруусун камсыздаш керек

Август 3rd, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Осмоналиев: Адвокаттардын ачык иш алып баруусун камсыздаш керек
Күн Чабыт
0

Кыргызстандын Юстиция министрлиги нотариустарды жана адвокаттарды салык төлөөгө милдеттендирген мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.  Юстиция министрлиги мыйзам долбоору жарандардын юридикалык жардам алышын жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын айтууда. Анда адвокаттар менен нотариустардын кирешесинин он пайызын салыкка которуу сунушу берилип жатат. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда адвокаттар кандай тартипте иш алып барат жана сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору кабыл алына турган болсо,   жактоочуларга таасири канчалык? Ушул башка суроолорубузга «Күн чабыт» программасында  Юрист Кайрат Осмоналиев жооп берди.

-Адвокаттар бүгүнкү күнү Кыргызстанда ишмердүүлүгүн  кандай  негизинде жүргүзүп жатат? Чындыгында жактоочуларды ишкер катары саноого  болобу?

2014-жылы адвокаттар  жана адвокаттык иштер боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзам боюнча адвокаттар ишкердик жумушту аткарбайт. Булар консультация берген коммерциялык уюм эмес деп бекитилген.  Жеке адвокаттардын көпчүлүгү жактоочулук кобинет ачышат. Бирок  салык органдарында көпчүлүгү каттого турбайт. Эми бул норма күчүнө кире турган болсо, салык канторасы аларды ишкер деп эсептеп калат. Азыр жактоочулар келген кардар менен келишимге кол койбой, ооз эки келишип көмүскөдө иш алып барышууда. Бул жагынан алып караганда, аларды иштер деп атоого дагы болот. Анткени жактоочулардын көпчүлүгү сотторго бекер бара беришпейт. Ал жерде чоң сумма коюлган.

Эгер каттоого турбай жаткан жактоочулардын канча акча таап жатканын кантип ачык көрүүгө болот?

-Бул мыйзамда дагы жазылган. Эгерде ошол эле адвокаттык бюро же коллегия болсо, ансыз деле жактоочулар кайсы бир сумманы мамлекетке  төгүп келет. Ал эми жеке жактоочулук менен алектенгендерге салыкты төлөтүү эрежелерин салык органдары менен адилет министрлиги иштеп чыгышы керек.  Бул жерде карама-каршылыктар көп. Мисалы буга чейинки мыйзамда адвокаттык канторалар коммерциялык уюм эмес деп көрсөтүлүп калган. Ошондуктан мыйзамдагы карама-каршылыктарды жок кылуу керек.

Мына айрым эксперттер бул тартип ишке кирсе, адвокаттар бийликке көз каранды болуп калат деп тынчсызданып жатышат да. Анткени салык төлөбөгөн жактоочунун лицензиясы алынып салынат. Чыны менен бул жерде көз карандылык пайда болуп калбайбы?

Биринчиден ар бир адвокат ачык-айкын иш алып баруусу керек. Анан албетте мамлекетке салыкты төлөш керек. Ошондуктан бул жерде талкууларды көп уюштуруу керек жана бирдиктүү чечим кабыл алыныш зарыл.Бирок бул жерде адвокаттын баары эле  көз каранды болуп калат дегенден алысмын.

-Маегиңизге рахмат!

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache