Шашылыш кабар:

Абдирасулова: Жоокерлердин өлүмүнө ким жооп берет?

Август 2nd, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Абдирасулова: Жоокерлердин өлүмүнө ким жооп берет?
Күн Чабыт
0

31-июлда Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунун имаратында 18 жаштагы конвой табелдик курал менен өзүн башка атып, каза болду. Июль айынын ортосунда эле Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1 жатак абагында 21 жаштагы жоокер автомат менен өзүн ээке атып, жан берген. Ал эми июнь айынын башында Жаңы-Жер айылындагы №19 түзөтүү колониясында 18 жаштагы жоокер кезмет учурунда АК-74 автоматы менен атынып өлгөн. Бул тармактардагы маселелерди иликтеп келген «Кылым шамы» уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованы кепке тарттык.

Марал: Аскерге барганына аз гана убакыт болгон 18 жаштагы уланга курал берип, сот иштерине шектүүлөрдү күзөтүү үчүн жиберүүнүн өзү эле опурталдуу эмеспи?

Азиза Абдирасулова: Балдар аскерге чакырылгандан кийин 20 күндүн ичинде ант берет. Андан бир ай өткөн соң эле 18 жаштагы балдардын колуна курал карматып туруп чек ара бөлүмүнө барса чек араны, «ДОК ГСИН» деп коёт ал жака барса түрмөлөрдү кайтартып коюшат. Ушинтип жоопкерчиликти жапжаш балдарга жүктөп коюп жатышат. Ал эми 18 жаштагы бала мен үчүн али эне сүтү оозунан кете элек бала. Аны аскерге алып барып туруп эле бир айдын ичинде колуна курал карматып, соттолуучуларды, соттолгондорду жана чек араны кайтартып коюу бул гумандуулукка дагы жатпайт.

Мен 19-июлда президент менен болгон жолугушууда ушул маселени көтөргөмүн. «Урматтуу президент эки айдын ичинде эки факты болуп, бирөө өлүм менен аяктады. Бирөө оор абалда ооруканада жатат. Бир, бир жарым айдын ичинде эле балдарга түрмө кайтартып коюп жатасыңар.  Өлүп калса суицид, өз өмүрүнө кол салды дейсиңер. Эмне үчүн эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар армияга барганга чейин жакшы эле жашайт дагы, армияга баргандан кийин жашагысы келбей калып жатат?» деген суроону койгонмун.

Марал: Аскердик милдетин аткаруу үчүн барып, өлүм тапкан балдардын жоопкерчилигин ким тартат?

Азиза Абдирасулова: Мамлекет ата-энелердин алтындай болгон баласын кызматка алып кетет дагы кайра алардын өлүгүн ме көмүп ал деп берет. Мамлекет ушинтип бир тыйын акча бербей, компенсация төлөбөй жоопкерчиликтен качып кетип жатат. Мисалы Европага чыгайын десең камсыздандырууң жок болсо сени киргизбейт. Бизде болсо балдарды армияга алып кетип жатат, бирок камсыздандыруу деген жок. Суицид болобу, башка кырсык болобу мамлекет жооптуу болуп, алардын өмүрүн камсыздандырып анан алып кетиши керек. Биз 20 факты боюнча 2-3 жылдап соттошуп жүрүп болгону үч жоокердин өлүмү боюнча алардын ата-энелерине компенсация алып бере алдык. Калган ата-энелер 18 чыккан баласын сак-саламат мамлекетке ме деп өткөрүп берип, кийин алардын өлүгүн алып чырылдаган боюнча калды. Бул Кыргызстан үчүн трагедия.

Марал: Көз жумган балдардын өлүмүн иликтөөнүн жыйынтыктарына канчалык ишенсе болот? Анткени дээрлик бардыгы тең суицид деп табылат эмеспи.

Азиза Абдирасулова: Биздин уюм караган акыркы жылдагы 20 фактынын биринде дагы мамлекет тарабынан терең изилдөө болгон эмес. Мисалы Кубанычбек Карагулов деген жигит Араван районунун Төө-Моюн деген жеринде чек арада кызмат өтөп жүрүп аскердик мекемелер жайгашкан короодо эмес анын сыртына асынып калган имиш. Бирок анын чыкыйына катуу буюм менен сокку болгон деген жыйынтык чыккан. Мына ушул баланын өлүмүнүн себептери ушул күнгө чейин акырына чыккан жок. Ал чоң атасы менен чоң апасынын көзгө басар жалгыз баласы болгон. Юридикалык академияны бүтүп, армияга барбасам карьерам болбой калат деп кеткен экен. Бул бир эле мисал.

Кыргызстанда армияда өлүм болсо аны эч ким иликтебейт. Эң жакшысы суицид болду деп туруп ушуну менен эле токтотуп коюшат. Мен армияда каза болгон жоокердин эки гана себебин билем. Бул аскердик кызмат өтөп жаткан жердеги шарттын начардыгы, командирлердин, мурда келген жоокерлердин кийинки келгендерге кылган мамилеси, үстөмдүгү. Бул жоокерлерди өз өмүрүнө кол салуусуна мажбур кылышы мүмкүн. Экинчиси аны бирөө атып же өлтүрүп коюушу мүмкүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache