Биз менен байланышыңыз

Митингчилер Ак үйгө кирүүгө аракет кылды

Кыска кабар | 17 Янв 2019 | 700 | 0

Бишкектеги борбордук аянтта митинг өткөргөндөрдүн айрымдарын милиция кармаганы кабарланды. Алар Ак үйгө кирүүгө аракет кылган. Жергиликтүү басылмалар милиция 10-15 кишини кармап кеткенин жазууда.

200дөй киши борбордук аянтта бүгүн 13.00гө чейин митинг өткөрүүгө уруксат алышкан. Азыр алар борбордук көчөлөр менен жүрүш жасашууда.

Алар өлкөдө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандары жана жаңыдан күчүнө кирген мыйзамдарга каршы ойлорун билдиришти.

Чогулгандарга Биринчи май районунун акими Руслан Шарапов келип, бүгүнкү митингди тынч жана таза өткөрүүгө чакырды.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин алдындагы консулдук департаментинин директору Алмаз Имангазиев өлкөдөгү кытай жарандары тууралуу расмий маалыматтарды берди.

Анын айтымында, 2018-жылы Кыргызстандагы 10 миңге жетпеген кытайга узак мөөнөттүү виза берилген. Алар көбүнчө кытай жол тармагында, өндүрүш тармагында иштегендер.

Чогулгандардан беш өкүл парламентке талаптарын жеткирүү үчүн кетишкенин кабарчыбыз маалымдады.

Эске салсак, 7-январда да 300дөй киши чогулуп, кытай жарандарына каршы нааразылыктарын билдиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM