Шашылыш кабар:

Каптагаев: Беларусия бизди жаакка чапкандай эле кылды

Каптагаев: Беларусия бизди жаакка чапкандай эле кылды
Күн Чабыт
0

28-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ат менен Беларусияда жүргөнүнө байланыштуу Беларусияга нота жөнөттү. Анда кыргыз тарап «Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген Данияр Үсөновдун Беларусиянын аймагында жашап жатышы жана ишмердүүлүк жүргүзүшү таптакыр кечиримсиз экенин» белгилеген.

Өткөн аптанын соңунда Беларусиянын ММК Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго куюп койгондой окшош кишинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөр «Беларусиянын улуттук биотехнология корпорациясы» жабык акционердик коомуна өндүрүш жайларынын курулушун расмий баштоо аземи учурунда тартылган.

Биз ушул теманын тегерегинде коомдук жана саясий ишмер Эмилбек Каптагаев менен маектештик.

Марал: 2010-жылдагы апрель окуяларынын негизги күнөөкөрлөрүнүн бири деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Данияр Үсөновдун айланасындагы акыркы окуялар боюнча пикириңиз кандай?

Эмилбек Каптагаев: Ошол кездеги өкмөт башчы көптөгөн кылмыш иштерине тиешеси бар делинип Кыргыз Республикасынын соту тарабынан өмүр бою абакка кесилген адам биз менен өнөктөш Беларусия мамлекетинин жарандыгын алып, Даниил Урицкий деп жүргөнү өтө жаман көрүнүш. Ал ошол өлкөдө жөн эле жүрбөй аталган мамлекеттин президенти Лукашенко тарабынан түзүлгөн мамлекетке тиешеси бар ири ишканага жетекчи болуп дайындалып, ал жерде ачык эле телевидениеге маек берип жатканы бул Беларусиянын Кыргызстанды такыр эле этибарга албаганы. Атыгүл КРнын шылдыңдаганы деп кабыл алсак болот. Беларусияда качкын президент, Кыргызстандын соту тарабынан соттолгон Курманбек Бакиев дагы отурат. Бирок президент деген эл аралык деңгээлдеги саясий кызмат, андан сырткары Беларусиянын президенти Лукашенко аны Кыргызстандан алып чыгып кеткендеги милдетим бар дегендей аны коргоп, калкалап келе жатат. Бирок калган кылмышкерлерге дагы ошондой мамиле кылганы бул жанга бата турган эле көрүнүш.

Марал: Кыргызстан Беларусияга жиберген нота боюнча сөз кылсак. Бул аракет маселени ордунан жылдырууга өбөк боло алабы?

Эмилбек Каптагаев: Беларусияга жөнөкөй нота берип, укпай жатат деп отурбай биз Беларус мамлекетине карата катуу мамилеге өтүшүбүз керек, зарыл деп эсептейм. Беларусия менен бардык дипломатиялык байланыштарды үзүүгө барсак дагы бул маселенин аягына чыгууга аракет кылышыбыз керек. Беларусиянын бизди өнөктөш мамлекетпиз деп коюп экинчи жагынан жаака чапкандай мамиле кылганы Кыргызстанга, кыргыз элинин намысына шек келтирген болуп саналат.

Марал: Ушундай чуулуу окуяларда гана эске түшпөсө апрель окуяларына күнөөлү деп табылып, сыртынан эркинен ажыратылгандарды экстрадициялоо маселеси токтоп калгандай таасир калтырат. Бийликтин экстрадиция ишине ичиңиз чыгабы?

Эмилбек Каптагаев: Бир топ жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларусиянын Башкы прокуратурасы менен иштешип жатабыз деп жооп берип жүрдү. Мамлекеттик деңгээлде ноталар, кайрылуулар болуп жатты. Бирок Лукашенко качып кеткен президент Курманбек Бакиев боюнча милдеттенме алып койгонун ачык эле айтты да. Экинчиден эл аралык деңгээлде Кыргызстанда акыйкат сот бийлиги жок ошондуктан өткөрүп берилбейт деген сөздөр болуп эле келе жатат. Башкаларды болсо Беларусияда жок экенин айтып эле танып келишет. Беларус өлкөсү аларга паспорт берип коюшуп, алар көрүнбөй качып жүрүшсө дагы макул дейт элек. Данияр Үсөнов Даниил Урицкий деп Лукашенко өзү түзгөн мамлекеттик ишкананы жетектеп турганы бизге карата алардын мамилеси кандай экенинин ачык далили болуп турат. Мына жакында эле биз Казакстандын жарандык активисттин чыркыратып туруп эле өткөрүп бербедикпи. Эл аралык коомчулук, Кыргызстандагы жарандык коомдун талаптарын эске албай туруп өткөрүп бердик. Биз дагы мына ушундай талапты Беларусияга дагы коюшубуз керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache