Шашылыш кабар:

Мамлекеттик ипотека: Күткөндөргө каражат качан берилээри белгисиз

Мамлекеттик ипотека: Күткөндөргө каражат качан берилээри белгисиз
Күн Чабыт
0

Мамлекеттик ипотекалык насыя берилбей жатканын айткан кардарлардын нааразычылыктары күчөдү. Айрым жарандар үстүбүздөгү жылдын февраль айында кезекке туруп, бирок каржыланбай жатканын айтууда. Мамлекет берип жаткан ипотекалык насыянын кардарларга жетпей жатышынын негизги себептерин «Күн чабыт» программасында компаниянын банктар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Алмаз Даакыбаев айтып берди.

Жарандарыбыз ипотекалык насыя берилбей жатканын айтып чыгышты. Бүгүнкү күнү мамлекеттик ипотека берүү токтодубу ?

Бүгүнкү күндө биз  ипотекалык насыяны берип жатабыз. Каражат келээри менен кардарларга жетип жатат. Бирок азырынча бюджеттен акча токтолуп-токтолуп келүүдө. Бирок көлөмү аз келип жатат. Быйылкы жылы бюджетке 500млн сом деп кабыл алынган. Бирок каражаттын көлөмү аз болгондуктан биз дагы 500млн  сом сурап кайрылганбыз. Бүгүнкү күнү бул каражаттарды толук берип бүттүк. Анткени тизмеде жарандардын саны дагы деле көп.

-Бюджеттик эмес жактардан келе турган каржы булактарын таба алдыңыздарбы? Ушул күнгө чейин канча каражат келип түштү?

Бюджеттен тышкары каражаттын башка булактарын карап жатабыз. Азыркы күндө биз менен төрт банктын ортосунда келишим түзүлдү. Бюджеттен акча келгенге чейин, каражат берип турмай болушкан. Андан башка учурда башка булактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Немец өнүктүрүү банкы 10,5 млн доллар насыя берүүгө ачылды. Анын техникалык жагын макулдашып жатабыз. Буюрса жылдын аягына чейин каражат келип калат деп жатабыз. Ипотекалык баалуу кагаздарды фонддук биржа аркылуу сатууга чыгардык. Каалаган инвестор келип алса болот. Жалпы көлөмү 200 млн сом.

-Эми бул компаниянын тагдыры эмне болот? Бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттын көлөмү 2-3 эсе аз деп жатсаңыздар? Дегеле бул компания качан өзүн-өзү каржылоого өтөт?

Бүгүнкү күндөгү тизмеде 7 миңден ашык киши турат. Алардын жарымы ипотекалык насыяны алды. Калган үч миңден ашык киши кезекте турат. Алардын ар бирине бир миллион сомдон эсептегенде 3 млрд сом чыгып жатат. Демек бүгүнкү күндө 3млр сом керек. Эл болсо документтерин толук тапшырып каражат күтүп жатат.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache