Биз менен байланышыңыз

Өкмөт «Кум-Бел» кениндеги абал боюнча түшүндүрдү

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 533 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Кум-Бел» көмүр кениндеги абал боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссиянын ишинин алдын-ала жыйынтыгы чыгарылды. Өкмөттөн кабарлашкандай, «Кум-Бел» көмүр кенинде жараксыз тоо-тек үймөгүн чогултуу долбоордук чечимден тышкары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле кен казууда чыккан үйүндүлөр бульдозердин жардамы менен тоо бооруна чогултулган. Жогору жакта жайгашкан булак үймөктөлгөн тоо –теги аркылуу агып чыгып, төмөн куя баштаган. Натыйжада, булак суусу тоо тегинин майда урандылары жана көмүрдүн чаңы менен агып баштаган.

Учурда «Цзинь Лун» ЖЧКсынын өкүлдөрү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн ыктыярдуу түрдө скважиналарды казуу милдеттенмесин алышты.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча «Кум-Бел» көмүр кенин мындан ары иштөөсү боюнча тийиштүү сунуштар киргизилет.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 9-11-январында Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы тарабынан «Цзинь Лун» ЖЧКсы жана башка компаниялардын ишин текшерди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM