Шашылыш кабар:

Молдобаев: Ротацияны райондордо дагы кылыш керек

Молдобаев: Ротацияны райондордо дагы кылыш керек
Күн Чабыт
0

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусуна жетекчи болуп дайындалды. Ал арада Ысык-Көлгө губернатор болуп барчулардын аттары атала баштады. Мындай орун алмашуулар, дегиле кадрларды ротация кылуу темасынын айланасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нарынбек Молдобаев менен маектештик.

Марал: Кадрларды ротациялоо кандай негизде, кандай талаптардын алкагында болуш керек?

Нарынбек Молдобаев: Ротация кылуу бул өзү керек. Мен бир эле Нарын облусунун мисалында айтып берсем. Нарынга нарындык адам губернатор болсо айласы кеткенде ич ара бөлүнүшөт. «Сен Ат-Башылык, сен Ак-Талаалык» деп. Андан сырткары уруу-уруу болуп дагы бөлүнүшөт. Облустун жетекчилерин эле ротация кылбай райондук деңгээлде дагы кызматкерлердин ордун алмаштырыш керек. Антпесе баары эле тууганчылык болуп кетет.

Азыр Ысык-Көлгө жетекчи болот деп Аманбай Кайыпов, Айгүл Рыскуловалардын аты аталып жатат. Биринчиден кызматкерлердин иш билгилигине көңүл бурулушу зарыл. Анткени тажрыйбасы жок, криминал менен аралашкан жетекчилерди коюп койгон учурлар дагы болуп жатат. Эң башкысы эл менен иштеп кете турган, жерди билген адам болуш керек.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбеков ротацияны жандандыруу зарылчылыгын айткан эле. Бирок эл арасында «биздин бала» деген түшүнүк бар да. Бул жагынан алганда башка жерден келген жетекчиге жергиликтүү эл менен иштеп кетүү оор болбойбу?

Нарынбек Молдобаев: Элдин оюн өзгөртүш абдан оор. Андыктан жетекчи баарын өз иши менен көрсөтүп, жөндөп кетиши керек. Мисалы Султан Ибраимовду айтып жатышпайбы ал өзү Чүйлүк болгону менен Ошко барып иштеп, элдин оозуна алынып калган. Ал буга өзүнүн адамдык сапаттары менен ээ болду. Туура, көп жерде башка жактан келген жетекчилерди эл кабыл албайт. Ысык-Көлгө башка аймактан башчы келсе «эмне өзүбүздүн жерден эле бала чыкпай калыптырбы?» деген сөздөр болот. Муну эл айтат-айтат, бирок эгерде жакшы иштеп кетсе кийин аны жакшы кабыл алып алышат.

Марал: Учурда облус башылары жер которо баштады. Сиздин баамыңызда дагы кайсы тармак ротацияга муктаж болуп турат?

Нарынбек Молдобаев: Президент өзү дагы күч түзүмдөрүндө ротация кылуу керектигин айтып кетпедиби. Мисалы аймактагы милиция бөлүмү, райондук сот, райондук прокуратуранын башчылары бир жерлик болуп калса тууган, тайке-жээн болуп отуруп иш алдыга жылбай калат. Акимдерди дагы которуш керек. Бирок ишти билген адамдары алып барышса да. Ошону менен эле алар райондо бир жылда кандай иштерди аткарды, эмне иш жасады деп анын негизинде ишине баа берсек жакшы болоор эле. Мынча инвестиция тартканга жарады дегендей. Эт менен челдин ортосунда жүргөн адамдарды алып барып коюшат. Алардын аты эле бар. Бирок экономика дагы көтөрүлгөн жок, иш дагы алдыга жылбайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache