Шашылыш кабар:

«Макмалдын» өмүрүн узартуу аракети жүрүп жатат

Июль 25th, 2018 | by Талгат Мураталиев
«Макмалдын» өмүрүн узартуу аракети жүрүп жатат
Экономика
0

«Кыргызалтын» ишканасы Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районундагы Макмал алтын кенинин иштөө мөөнөтүн узартат. Буга байланыштуу атайын коомдук угуулар өткөрүлгөн. Анын негизинде комиссия түзүлүп, курамына айылдык кеңештин депутаттары, райондук администрациянын өкүлдөрү жана жергиликтүү жашоочулар кирген. Бул комиссия мүчөлөрү 24-июлда «Эти Бакыр Терек-Сай» биргилешкен ишканасынын иши менен таанышып чыкты.

Аталган  биргелешкен ишкананын жетекчилиги комиссиянын өкүлдөрүнө «Терек-Сай» кени тууралуу айтып беришти.

«Кыргызалтын» ишканасынын төрагаынын орун басары Нурдин Канымбетовдун айтымында, бүгүнкү күндө ишканада иш толук кандуу жүрүп жатат. Өткөн жылдын август айында «Терек-Сай» комбинатынын кен байытуучу эски фабрикасы реконструкциядан  өткөндөн кийин ишке киргизилген. Реконструкцияланган фабрикада курамында алтын жана күмүшү бар флотациялык кошулма өндүрүлөт.

«Бүгүнкү күндүн негизги талабы “Макмалалтын” комбинатынын иштөө мөөнөтүн узартуу жана ачык айкын конкурстук тандоо аркылуу инвесторду тартуу. Бирок долбоордун ийгиликтүү иштеп кетүүсү үчүн биз жергиликтүү жашоочулар менен кеңешип талкуулап жана дайыма ачык айкын сүйлөшүп алуубуз керек. Ошондуктан коомдук угуулардын алкагында Тогуз-Торо районундагы комиссия менен чогуу “Кыргызалтын” ААКнын «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКсы, “Алтынкен” сыяктуу биргелешкен ишканаларына барып, алардын кандай иштеп жаткандыгын жеринде таныштыруу чечими кабыл алынган».

«Терек-Сай» алтын кенин иштеткен түркиялык ишкананын кубаттуулугу жылына 100 тоннага жетет. Ушул жылы фабриканы толук кубаттуулукта иштетүү пландалып жатат. Бул тууралуу кенди иштетип жаткан компаниянын директорунун башкы жардамчысы Бузурман Субанов билдирди. Анын айтымында, «Эти Бакыр Терек-Сай» кен байытуучу фабриканы кайра оңдоого жети миллион долларга чукул, ал эми тоо кен жана чалгындоо иштерине болсо 178,9 млн сом жумшалды. Ишканада бүгүнкү күндө 352 адам иштейт.

Алардын 96 пайызы жергиликтүү жашоочулар. Былтыр «Эти Бакыр Терек-Сай» жалпысынан өлкөнүн казынасына — 82,2 млн сом которду. Дагы бир негизги пункт – социалдык пакет. Лицензиялык макулдашууга ылайык, Терек-Сай айыл өкмөтүн социалдык — экономикалык жактан өнүктүрүүгө «Эти Бакыр Терек-Сай» ЖЧКсы жаңы алтын ылгоо фабрикасын ишке киргизгенге чейин жыл сайын 15 млн. сом бөлүп берет.

«Макмалалтын» ишканасынын кызматкери, Каргалы айылдык кеңештин депутаты Азизбек Кайыпбеков «Терек-Сай» кени жаңы техника менен иштетилип жатканы өзгөчө көңүлдү бурганын айтат.

Бул жерге инвестор менен мамлекет кантип биргеликте натыйжалуу иштеп жатканын көрүү үчүн келдик. Макмалалтын ишканасында интвесторлорго берип, ушул жердегидей шарт түзүп берүүсүн каалайбыз. Буга чейин бизде бир катар ызы-чуу болду. Түркиялык ишкана Терек-Сай айылына койгон талаптарынын баарын акырындан аткарып жатканын көрдүк. Бизг да ушундай инвестор керек экен.

Ал эми “Макмалалтын” кени Кыргызстанда эң алгачкы жолу ачылган кен болуп саналат. Долбоор боюнча иштөө мөөнөтү 10 жылга пландалган болсо, аталган кен миңден ашык кишини жумуш менен камсыз кылып, 32 жылдан бери тынбай иштеп келет.

Тогуз-Торо районунун 95% бюджети “Макмалалтын” комбинатынан түшкөн ар кандай которуулардын жана салыктардын эсебинен түзүлөт.

Аталган райондогу Арал айылынын тургуну Нурдин Кудагелдиев Терек-Сай кенинин иштетилип жаткандагы шарттары жакканын айтып берди. Ушундай жакшы жактарын райондун элине айтып, «Макмалды» иштетүүнү сунуштайт.

Түркиялык компания алтынды Түркияга алып барып иштетет экен. Ошондуктан мында консентраттарды өздөрү иштетпейт. Мында урдоо, тоноо жана уулуу зат цианидди колдонбойт. Ушул көргөндөрүбүздү Тогуз-Торонун элине айтып барып, Макмалдын ишин улантуу керектигин түшүндүрөбүз. Көпчүлүк жаштарыбыз жумушсуз калат. Буга чейин Макмалда кытайлык компания өздөрү ишкана ачып, алтынды бөлүп алуу үчүн цианидди колдонуп, экологияга зыян алып келген. Мындан улам кенди иштетүүнү токтотуш керек деп чыкканбыз. Бирок жаңы техникалар менен кенибизди иштетсе, зыяны жок болот окшойт.

Айта кетсек, «Терек-Сай» алтын кени Кыргызстанда кендердин ичинен эң эскиси. Ал 1950 – жылдардан бери иштеп келет. Инвестор тартылганга чейин бул рудник чыгашалуу болгондуктан жана минералдык — сырьелук базасы түгөнгөндүктөн токтоп калган. Бирок, 2015-жылы ноябрь айында КРнын Өкмөтү тарабынан «Терек», «Тереккан», «Перевальное» кендерине ачык сынак жарыяланган. Натыйжада түркиялык «Эти Бакыр Терек-Сай» компаниясы жеңүүчү болгон.

Жеңүүчү компания кенди иштетүү лицензиясы үчүн 20 млн АКШ долларын төлөгөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache