Биз менен байланышыңыз

Элдияр Швейцарияда беделдүү саат саткан дүкөндө иштейт

Портрет | 11 Янв 2019 | 31568 | 0

23 жаштагы Элдияр Бектенов 12 жылдан бери жаратылыш кооздугун кыргыз жергесине окшоштурушкан алыскы Швейцария өлкөсүндө жашайт. Бул жылдары Элдияр француз, англис жана немис тилин үйрөнгөн. Андан сырткары соода тармагында «Менежмент» кесиби боюнча билим алган. Бүгүнкү күндө Швейцариянын беделдүү саат саткан дүкөндөрүнүн биринде тейлөөчү болуп иштейт. «Марал» радиосунун «Портрет» программасынын бул жолку каарманы дал ушул жаш мекендешибиз Элдияр Бектенов болмокчу.

Элдияр Бектенов Швейцарияга ата-энеси менен барган. Алгач барган жылдары француз жана немис тилдерин үйрөнүүгө өзгөчө басым жасап, тил билүү боюнча жергиликтүү балдардын деңгээлинежете алган.

Ата-энем жана карындашым болуп Швейцарияда жашаганыбызга 11 жылдан ашты. Мен кыргыз, орус жана англис-тилин билет болчумун. Бул жакка келгенде англисче билгеним мага абдан жакшы мүмкүнчүлүк болду. Анын арты менен башка тилдерди бат эле үйрөнүп кеттим. Анткени мугалимдердин баары англис тилин билет. Эгерде немис же француз тилинде түшүнбөй калган нерсени англисче түшүндүрүшчү. Азыр жашым 23тө. Немис, француз тилинде эркин сүйлөймүн деп мактанбаймын, бирок база бар.

Каарманым бала кезинде журналист болууну самачу. Бул максат бара-бара өзгөрүп, программист болууга токтолгон. Бирок тейлөө тармагында билим алууну туура көрүп, соода тармагындагы «Менежмент» кесиби боюнча билим алган. Анын арты менен тейлөө тармагына кызыгуусу артып, учурда Женева шаарында аэропортто кымбат баалуу сааттар сатылган бутикте иштейт.

Швейцариядагы саат маркалары боюнча ага кенешчи баскычты жакында эле алдым. Экономикалык окуу жайдын бүтүрүүчүсүмүн. Саат өндүрүүучүлөрдүн төртүнчү муунундагы бутигинде жана Омега маркасынын атайын дүкөнүндө иштегем. Швейцариядагы белгилүү төрт бренддин атайын  дипломуна татыктуу болгом. Азыр Женевадагы ири аэропорттордун бириндеги  саат дүкөнүндө ага кеңешчи болуп эмгектенем. Иш таңкы саат 5те башталат жана аэропорттун кымгуут ишин эске алсак, анда дем алыш күндөрү да иштейбиз. Шаардын борборунда тынч соода түйүнүндө иштеп көнүп калгандыктан,  бул жактын ритми бир аз башкача. Сатып алуучуга кыска мөөнөттө кызмат көрсөтүүң керек, анткени учака шашкандыктан убактысы чектелүү болот. Башында сааттарга такыр кызыкчуу эмесмин. Саат саткан дүкөнгө жумушка кирерде журналист боломун деп жүргөнмүн. Анткени журналист болуумду ата-энем көп сунуштайт эле. Бирок мени кызыктырбады. Информатика тармагында иштөөнү да карап көрдүм, бирок болбоду. Анан жумушка кирүү үчүн төрт жака резюмемди тапшырып, жооптору келди. Алар унаа тетиктерин саткан жайдан, азык-түлүк саткан чоң магазинден эсепчи болууга, банктан жана саат саткан дүкөндөн жооп болду. Өзүм адамдар менен түз байланышып, сүйлөшкөндү жактыргандыктан банкка баргым келген жок. Аягында саат дүкөнүнө бардым. Саат тууралуу уга берип, кызыгуум пайда болду. Директорум геммолог, саатчы болгондуктан анын кеңештери да саатка болгон кызыгуумду арттырды. Азыр жаңы чыккан сааттар тууралуу жаңылыктардан калтырбай окуп турам.

Элдияр жумушка кирерде ага көптөгөн атаандаштар болгон. Алардын арасынан мекендешибиз өзгөчө кат жазуусу менен жетекчиликтин купулуна толгон.

-Бир жумуш ордуна 300дөй адам резюмесин калтырган экен. Арасынан бирөөнү тандоо жумуш берүүчүгө деле кыйын да. Швейцарияда жумушка орношууда резюмеңди жана директордун атына кат жибересиң. Катта эмне себептен ушул жумушту тандаганың жана иштегиң келгендин себептери жазылат. Мага директорум 20-30 жылдан бери кызматкерлерди жумушка алып келгенин айтып, меникиндей катты окуй электигин билдирди. Менин катымды өзгөчө баалап, калгандары даяр шаблонду көчүрүп койгонун белгиледи. Мен катты интернеттен алып эмес өзүм жазганмын. Анда Швейцарияга кантип келгеним баяндалган. Кийин маектешүүгө чакырып, ал жакта орусча сүйлөгөнүмө артыкчылык берилип, бат тил табышканымды жактырды. Аягында жети кишинин ичинен мени тандады.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Саатка кызыгуусу күчөгөн Элдияр чыныгы саат менен жасалма саатты жакшы айырмалай алат. Швейцарияда бир дагы жасалма саат жок экенин жана анын баасы 50-24 миллион еврого чейин болоорун билдирди.

-Швейцарияда жасалма саатты таба албайсың. Каалаган дүкөнгө кирип арзанын сатып алсаң да чыныгысын табасың.  Анткени бул жакта жасалмага көзөмөл күчтүү. Жасалма сааттар башка өлкөлөрдө чыгарылып эле Швейцарияга киргизилбесе, жасашпайт. Чек арада бажычылар жасалма саттарды киргизбейт. Жасалма сааттардын көбү ток менен иштейт. Сааттардын баасы 50-60 евродон башталат. Ал сааттар пластикадан болуп, көбүнчө жаш балдар тагынат. Эң кымбат аялдардын Chopard деген маркасынын сааты, 24 миллион еврого бааланат. Бирок аукциондордо андан кымбатка кеткен саттар бар.

Бектеновдун алгачкы ири баадагы соодасы азыркы күнгө чейин эсинде. Жумушка жаңы орношкондо 14 миң евролук саат сатса, учурда 100 миң евролук саттарды алган кардалары бар.

-Бир гана саат эле эмес ювелирдик буюмдарды да сатам. Мен жөн эле сатуучу эмесмин. Үч атайын мектепте башка өлкөгө барып окуулардан өттүм. Тажрыйба алмашуу үчүн башка дүкөндөргө жиберет эле. Алгачкы ири соодам 14 миң франкка сөйкө менен колье сатканмын. Сооданы үйрөнүп калгандан кийин сумма 30 миңге жетти. Женевада аэропортто саат дүкөнүндө 70-80 миң евролук сааттарды сатам. Бир окуяны айта кетсем, 165 миң евролук саатты кытайлык кардар ала турган болуп калды. Мындай көп суммадагы саатты алганга белек берилет. Бирок кардардын карточкасы саатты сатып алууга уруксат бербей, эсебин жаап салган. Ал учагына шашып атып, ала албай кетип калган.

Бир нече жылдан бери ушул тармакта эмгектенип калгандыктан, Элдияр бет мандай чыккан кишинин саатын  карап, анын баасын, кайсыл маркага тийиштүү экендигин так айтаалат. Өзгөчө кардарлары бар жана алар көп. Кээде VIP кардар дүкөнгө баш багып калат. Ал иштеген дүкөнгө бир ирнт Араб өлкөлөрүнүн бириндеги канзаада келгенде, ага өзгөчө мамиле көрсөтүшкөнүн айтып берди.

Албетте дароо дүкөндү бекитип, бардык кеңешчилер кызмат көрсөтүүгө даяр турдук. Өтө көп суммада соода кылды. Албетте, көптөгөн дүйнөгө таанылмалдар келет, бирок алардын ысымдарын ачыкка чыгарууга же алар менен сүрөткө түшүүгө тыюу салынат. Бул алардын ички жашоосуна кийлигишүү катары эсептелет. Бул саат бизнесине тиешеси бар адамдардын баарына коюла  турган талаптын бири. Ал эми негизгиси- кардарга өзүүдүн тигил же бул марка, бренд боюнча билимиңди көрсөтүүң зарыл.

Элдияр келечекте да ушул тармакта эле иштеп калууну каалайт.

-Сааттар менен иштөө мага жакты. Аралыкта башка эки жумушка барып иштеп көрдүм. Бирок мага туура келген жок. Өзүмдү тейлөө тармагында эле көрө алдым. Буйруса ушул боюнча тереңдетилген дагы бир билим алууну пландап жатам. Андан кийин ушундай дүкөндөргө директор болуп орношо алам.

Сөзүнүн аягында Элдияр Бектенов  Швейцария өтө кооз өлкө экенин айтып, жаратылышын Кыргызстанга окшоштурду.

 

Copyright © 2017 Maral FM