Шашылыш кабар:

Акималиев: Малдын асыл тукумдуулугу 7-9 пайызга түшүп кетти

Акималиев: Малдын асыл тукумдуулугу 7-9 пайызга түшүп кетти
Күн Чабыт
0

Өкмөт өлкөдө асыл тукум малдын санын көбөйтүп сандан сапатка өтүү аракети көрүлүп жатканын кабарлады. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ал үчүн фермерлерге субсидия берүү жагы каралып жатканын жарыялады. Биз ушул теманын айланасында айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик Жамин Акималиев менен маектештик.

Марал: Өкмөт асыл тукум малдардын санын көбөйтүү дымагы бар экенин айтууда. Бул багытта бирдиктүү саясатты көрүп жатасызбы?

Жамин Акималиев: Мухаммедкалый Абылгазиев «малдын санынан сапатына өтүшүбүз керек» деп туура айтат. Малдын сапатынын негизги көрсөткүчү бул малдын асыл тукумдуулугу. Мындан 30-35 жыл мурун бизде 10 миллиондон ашык кой, 1,5 млн жылкы бар болчу. Ошолордун бардыгынын 98 пайызы асыл тукум эле. Азыр асыл тукум мал 7-9 пайызга түшүп кетти. Калганы асыл тукуму жок эле кара жүндүү, ар кай жактан алынган малдар. Эл болсо аны жайлоого алып барып багып, чыгым болууда. Асыл тукум деген эмне? Мисалы Совет доорунда атайын илимпоздордун жардамы менен кыргыздын жергиликтүү малдарын жакшыртып, койлорду Австралиянын кочкорлору менен аргындаштырган. Уйларды сүтү көп породалуу уйлар менен аргындаштырган.

Марал: 30 жыл мурун малдын 98 пайызы асыл тукум болгонун айтып жатасыз. Алардын азайып кетишине эмне себеп болду?

Жамин Акималиев: Аскар Акаев менен Бекболот Талгарбековдун агрардык реформасы себеп болду да. 1980-жылдары Кыргызстанда болгону 37 ири үрөн чарба, 22 асыл тукум мал чарбачылыгы бар болчу. Аларда атайын окумуштуулар иштеп, жаңы породаларды бардык колхоз, совхоздорго таратып малдын баары асыл тукумдуулукка өткөн. Легендарлуу парламент айыл чарбасын жеке менчикке өткөрүш керек, бул совет доорундагы чирип калган система деп айтсак Акаев болбой койгон. Бул сырттан келген буйрук болгон. Анткени айыл чарбаны талкаламайынча батыштын саясаты ишке ашмак эмес. Ошондо талкаланган айыл чарбасын ушул мезгилге чейин тургуза албай келе жатабыз.

Марал: Премьер-министр быйыл айыл чарбасына 2 млрд сомдон ашык каражат сарпталганын айтты.  Аз каражат менен асыл тукум малды көбөйтүүнүн кандай жолдору бар?

Жамин Акималиев: Азыр асыл тукум чарбаларын кайра түзүш керек. Ал эми премьер-министр айтып жаткан 2 млрд сом каражат ал болбогон акча. Анткени ал жалпы айыл чарба тармагына кетип жаткан каражат. Өкмөт башчы жакшы айтты «сандан сапатка» деп, эми сөздөн ишке өтүш керек. Асыл тукум, үрөн чарабалары үчүн атайын программа кабыл алып ага жок дегенде 50-70 млрд сом каражат салыш керек. Эгер биз айыл чарбасын илимий негизге коюп, малдардын асыл тукумдуулугу өсүп, талаачылыкта түшүм 3 эсе көбөйсүн десек 50-70 млрд сом каражат бөлүш керек. Ал насыя эмес субсидия же грант болушу керек. Антпесе жер-жерлерде эч кимдин колунда акча жок. Атайын программа кабыл алып, ага окумуштууларды катыштырып алдыга жылсак 10 жыл ичинде асыл тукум чарбаларын түзүп, малыбыздын 70 пайызын асыл тукум кылып алсак эч качан башыбыз оорубайт эле.  

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache