Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк банктын президенти отставкага кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 602 | 0

Дүйнөлүк банктын башчысы Жим Йонг Ким кызматтан кетери тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы Барак Обаманын сунушу менен кызматка келген Йонг Ким өз каалоосу менен кетип жатат. Теги Сеулдан болгон Америка жараны Йонг Ким 2016-жылы кайрадан беш жылга дайындалган болчу.

«Мен үчүн мыкты кызматкерлери бар, өз мойнуна тоодой миссияны жүктөгөн Дүйнөлүк банкта иштөө сыймык болду. Мындан ары банктын вазыйпасы дагы чоңойду. Анткени климаттык өзгөрүү, эпидемия жана миграция маселелеринен улам финансылык жардамга муктаж коомдордун саны өстү»,-деди Ким.

Жим Йонг Ким кесиби боюнча врач. Анын  эл аралык «Ден соолук боюнча өнөктөштөр» саламаттыкты сактоо уюмуна  кетери тууралуу сөздөр айтылууда. Эми банктын президентинин кызматын  1993-жылдан берки кызматкери болгариялык Кресталина Георгиева убактылуу аткарат.

Кошумчалай кетсек, салт боюнча Дүйнөлүк банктын жетекчиси  Американын жараны болууга тийиш, аны АКШ президенти сунуштайт. Бирок бул жагдай акыркы кездери нааразылыктарды жаратып, БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Туштүк Африка) өлкөлөрү ага өзүнүн талапкерин жылдырууну пландап жатышкан. Банктын акционерлери жана мүчөлөрү-дүйнөнүн 189 мамлекети. Банк өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге финансылык жана техникалык колдоо көрсөтүү максатында экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM