Шашылыш кабар:

Өкмөт аймактагы ишкерлерди салыктан бошото алабы?

Өкмөт аймактагы ишкерлерди салыктан бошото алабы?
Экономика
0

Өзбекстандын айылдарындагы жеке ишкерлер салыктан жүз пайыз бошотулду. Бул дотацияда отурган айылдарга кирди. Ал эми Кыргызстан ишкерлерди салыктан бошото алабы?

Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиеев борбордон алыс аймактардагы ишкерлерди толук салыктан бошотту.  Бул тууралуу токтомго өлкө башчысы 15-июлда кол койду. Эми 500 конуштуу айылдарда мончо иштеткен, чач-тарач,  бут кийим оңдоо же индивидуалдык негизде кийим тигүү менен алектенген ишкерлер мамлекетке  2023-жылга чейин салык төлөшпөйт. Тиешелүү токтом айылдарга кызмат көрсөтүүнү жогорулатуу жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн иштелип чыккан.

Үй-бүлөлүк бизнести жасаган ишкерлер буга кошумча  жогорку билими жок 3 жумушчуну  эмгек келишиминин негизинде иштетүүгө дагы  уруксат берилди.

Ошол эле токтомдун негизинде жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча аймактык фонд түзүлмөй болду. Ал Ташкент шаарында жана облустук администрациялардын алдында ачылат.

Ал эми Кыргызстанга келсек… Бүгүнкү күнү жеке ишкерлер патенттин негизинде ишмердигин жүргүзүп келишет. Алардын бири Айша Мырзабаева Талас облусунда акыркы 3 жылдан бери мончо иштетип келет. Тапкан акчасы чыгашаны жаппай калып жатканын айтып,  Өзбекстандагыдай жеңилдиктер жакшы болмок дейт.

Биз Манас айылында чакан мончо иштетебиз. Ага жылына 10 миң тоннадан ашык көмүр жагылат. Ошону менен чакан мончо болсо дагы чыгашалары көп болуп кетет. Эптеп ичкен чайыбызга гана акча табабыз. Айылда жумуш жок болгон үчүн гана иштетебиз болбосо көп деле акча таппайм. Бүгүнкү күнү патенттин негизинде мамлекетке айына 800 сом төлөйм. Бирок мончого келгендердин саны аз.

Өкмөт болсо, Борбор Азия мамлекеттеринен ишкерлер үчүн эң төмөнкү салык Кыргызстанда экенин айтууда. Өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалив  жеңилдиктер акыркы жылдары көп берилип калганын «Марал» радиосуна айтып берди. Өзгөчө дотациялык региондордо активдүү жүрүп жатат деди.

Бул бюджеттик тартыштыкка караган маселе. Бул жерде түздөн-түз Өзбекстанга салыштыруу болбошу керек. Бизде салыктардын көлөмү ушул аймакта эң ылдый деп саналат. Мисалы ошол эле Өзбекстан же Тажикстанда киреше салыктары 20-24 пайыз. Кошумча нарк салыгы 20 пайыз. Ушул сыяктуу жактарда чоң айырмачылыктар бар. Мындан тышкары бизде патент менен иштеген чоң секторлор бар. Мисалы тигүү цехтери. Бүгүнкү күнү эң чоң көлөмдөгү товарларды экспорттогонго дагы мүмкүнчүлүк алып жатышат. Бирок ошол эле маалда  салык жагынан абдан преференциялдуу болуп эсептелет.  

Бирок ишкерлер Өкмөт Өзбекстандагыдай жеңилдикти бере турганына ишенбейт. Себеби бюджеттеги  тартыштыктан улам мындай чечимдер кабыл алынбайт дешет. Анткен менен саясий чечимдин негизинде кирип кала турган болсо, аймактагы ишкерлерге чоң стимул болуп бермектигин ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыгулов белгиледи.

Өкмөт чакан жана орто бизнеске жеңилдиктерди кылып жатканын көрүп келе жатабыз. Убагында патент системасы кирген. Бирок ошол эле учурда айыл-аймактар жана борбор калаа деп бөлүнгөн эмес. Өзбекстандагы мындай өзгөрүү бул абдан жакшы идея. Себеби 5-10 миңдик кичинекей айылдарга жаңы жумушчу орундары түзүлмөк. Балким ал кичинекей печенье чыгарган пекарня болушу мүмкүн. Бирок ал калктын керектөөсүнө керек. Бул жагынан алганда аймактардагы ишкерлерге стимул болуп бермек.

Өкмөт буга чейин дотацияда отурган айылдарды өнүктүрүү боюнча бир нече чечимдерди кабыл алган. Азыркы тапта эгер дотацияда отурган айылдарга ишкана ачкан ишкер салыктардын түрлөрүнөн бошотулат.

Ошондой эле Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан  4-8 пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилет. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашырылса, анын 2 пайызы ишкерге кайрадан кайтарылып берилет.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache