Биз менен байланышыңыз

АКШдан көчүп кетүүнү каалагандар көбөйдү

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Янв 2019 | 596 | 0

Башка өлкөдө жашагысы келген америкалыктардын саны өстү. Бул тууралуу Gallup социологиялык кызматы жүргүзүлгөн сурамжылоого таянып билдирди.

Анда сурамжылоого катышкандардын 16% АКШдан башка мамлекетке биротоло көчүп кетүү ниети бар экенин айтышкан. Мындай көрсөткүч буга чейинкилерине салыштырмалуу эң жогору болуп саналат.

Социологдор тургундардын мындай оюн президент Дональд Трамп менен байланыштырууда.

АКШны Барак Обама башкарып турганда башка өлкөдө жашагысы келгендер 10 пайызды түзсө, кенже Жорж Буштун маалында 11 пайызга жеткен.

Трамптын жетектөөчүндөгү 2 жылда 30 жашка чейинки америкарлыктардын 30 пайызы АКШда жашагысы келбей калганын билдирип, башка өлкөгө кетүү кыялын ачыкташкан. Алардын 40%ын айымдар түзгөн.

АКШдан башка жакка кетүүнү каалагандардын 26 пайызы Канадада жашагысы келерин айтышкан. 2016-жылы бул көрсөткүч 12 пайызды түзгөн болчу.

Сурамжылоо 2017-2018-жылдары жүргүзүлүп, ага 15 жаштан чоң болгон 1 миң америкалык катышкан.

2016-жылы бир катар америкалык шоу-бизнестин жылдыздары Трамп президент боло турган болсо өлкөдөн чыгып кетерин убадалашкан. Washington Examiner алардын эч бири берген сөзүн аткарбаганын жазып чыккан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM