Шашылыш кабар:

Карасартова: Президенттен убадалардын аткарылышын талап кылабыз

Карасартова: Президенттен убадалардын аткарылышын талап кылабыз
Күн чекит
0

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июлда жарандык коомдун өкүлдөрү менен (40 адам) жолукту. Анда Жээнбеков «Мен бүгүнкү жолугушууга канааттандым. Ар кандай пикирлерди, маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун уктум. Көп идеялар жана сунуштар айтылды. Биз мындан ары да алардын үстүндө сиздер менен чогуу иштейбиз», — деди.

Биз аталган жолугушууга катышкан «Коомдук анализдөө институтунун» жетекчиси, жарандык активист Рита Карасартова менен маектештик.

Марал: Президенттин жарандык коом менен жолугушуусу жылуу кабыл алынып жатат. Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү жана башка маселелерде активисттерди кызматташууга чакырды. Сиз өлкө башчынын сөздөрүнө канчалык ынандыңыз?

Рита Карасартова: Мен бул жолугушууда коррупцияга түздөн-түз тиешеси бар маселени көтөрдүм. Биз коррупция менен күрөштү эң жабык орган болгон Улуттук коопсуздук комитетине тапшырып койдук. Президентке «сиз коррупция менен күрөштү эң жабык органдан чыгарууга даярсызбы?» деген суроону бердим. «Кызматтык кылмыш жасагандарды тескөөнү дагы УКМК берип койдуңар. Атайын кызматка өзүнүн Улуттук коопсуздук камсыздоо ишин гана калтырганга даярсыңарбы?» деген суроону кабыргасынан койдум. Президент «иш жүрүп жатат» деп айтканы менен реформага барабыз деген сөзүн уга алган жоумун. Ал «балким кайсы бир маалда ушундай реформа болот, бирок жакынкы убакта эмес» деди. Бир четинен бул боюнча президенттин ачык позициясын угуп алганыбыз жакшы болду.

Марал: Кыргызстанда бийлик жаңы алмашканда бардык күчтөр менен сүйлөшүүгө, иштешүүгө кызыктар болот дагы кийин бийлигин бекемдеп алган соң, өзүм билемдикке салат деген пикирлер бар. Бул боюнча сиздин оюуңуз кандай?

Рита Карасартова: Мындай пикир бар. Анткени дайыма ушундай болуп келет. Ошондуктан саясий атаандаштык болуп турганы жакшы. Себеби мындай учурда алар жарандык коомду өзүнө тартып коомдо пикир жаратуу аракети болот. Эгер атаандаштык жок болсо бир эле киши бүт тармакты өзү башкарып, жарандык коомго көңүл деле бурбай калат. Сооронбай Шариповичтин мындай жолугушууну уюштурганы жакшы нерсе. Бирок УКМК аркылуу эле бардык бийлик бутактарын өзүнө баш ийдирип алса эч кимдин кереги деле жок болуп калат. Президент «жарандык коомду ар кандай тема менен чакырып ар дайым тыгыз кызматташтыкта болобуз» деп айтты. Аны дагы көрө жатарбыз. Алыска узабай эле сентябрдан баштап эле кайсы маселе менен качан жолугабыз, берген убадаңар кана деп айта баштайбыз.

Марал: Буга чейинки бийликтин өкмөттүк эмес уюмдарга карата мамилеси белгилүү болчу. Бул жолугушуу өкмөттүк эмес уюмдарга карата бийликтин ою өзгөрдү дегенди түшүндүрөбү?

Рита Карасартова: Бул катардагы эле көрүнүш. Ар дайым жаңы бийлик ушундай эле жолугушууларды кылып келет. Бул жолкусундагы кубандырган нерсе бийликти сындап, оппозициянын сөзүн айтып жүргөн жарандык коомдун өкүлдөрүн иргебей эле баарын чакырганы болду. Бүгүнкү жолугушууга баргандар дагы жөн кишилер эмес. Алар президент каалайбы, каалабайбы талап кылат. Президент дагы «келгиле укуктук мамлекетке, коррупция жок мамлекетке умтулалы» деп ачык айтты. Азыр эле эч кандай иш баштала электе сындай берсек болбойт деп жарандык коом дагы өз колунан келген жардамын берүүгө даяр экенин көрсөттү. Балким чын эле жакшы иштер болуп кетиши мүмкүн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache