Биз менен байланышыңыз

Нарын облустук китепканага китептер берилди

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 522 | 0

Нарын шаарындагы Сагымбай Орозбаков атындагы облустук китепканага жалпы суммасы 80 миң сомду түзгөн жаңы китептер белекке берилди. Бул тууралуу облустук китепканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев эмгек жамааты жана окурмандар менен жолугушуп, улуттук адабиятты өнүктүрүүдө жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында кеңири аңгеме курду. Окурмандарды кызыктырган бир катар суроолорго жооп берип, улуттун көөнөрбөс казынасы болгон 120 китепти тапшырды. Баалуу китептердин арасында Ч.Айтматовдун энциклопедиясынын 1-2-3-томдору, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 10 томдук жыйнагы, «Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча изилдөөлөр», «Ч.Айтматов — фотоальбом» китептери бар. Ошондой эле 2016-жылы чыккан «Эл адабияты» сериясы жана Манас энциклопедиясы да белек катары берилди.

Кийинки он жылда аталган китепканага келген окурмандардын саны солгундап кеткен эле. Учурда окурмандардын саны өсүп, алардын китепке болгон кызыгуусу артты. Бул китепканага күнүгө 150гө жакын окурмандар келип, ар кандай китептерди окуп турушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM