Биз менен байланышыңыз

2019-жылы кандай өзгөрүүлөр болот? (тизме)

Коом | 31 Дек 2018 | 2315 | 0

Жаңы кодекстер иштеп баштайт

Жаңы жылдан тарта Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирет. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси». Буга кошумча “Пробация жөнүндө” жана “Мунапыс берүүнүн негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдар 1-январдан тарта күчүнө кирмекчи. Мунун алкагында бир катар институт түзүлүп, сот тармагы санариптешүүгө өтөт. Бул сотторго болгон элдин ишенимин кайтарып келээрин президент Сороонбай Жээнбеков айтты.

Жаӊы кодекстерде жаңы институттарды ишке киргизүү каралган. Алардын ичине Бирдиктүү реестр, тергөөчү судья, тергөө кабинетин жана сот залдарын санариптештирүү, пробация сыяктуу институттар кирет. Соттук-укуктук реформанын ийгиликтүү жүрүшү ушул жаңы институттардын ишине жараша болот. Сотторго жана укук коргоо органдарына элдин ишеничи кайтарылат.

Бул кодекстердин иштеп кетүүсү үчүн эки бирдиктүү реестр түзүүлүүсү керек. Биринчиси: «Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү жана «Бузуулар жөнүндөгү» кодекс. Реестри боюнча техникалык жабдыктар жеткирилип, серверге кошулду. Жаңы өзгөртүүнүн негизги өзгөчөлүктөрүн Ички иштер министринин орун басары, генерал Курсан Асанов тааныштырды.

Реформанын негизги максты коомдук коопсуздукту камсыз кылууда бирдиктүү тутум жана кызматкерлерге шарт түзүү болуп саналат. Жаңы кодекстер негизинен адам укуктарын коргоого багытталган. Мындан сырткары кылмыштар түрлөргө бөлүнгөн. Алсак, анча оор эмес кылмыштар «Жоруктар» кодексинде. Мурда бир тоок уурдагандар да камалчу. Ошондуктан «Жоруктар» кодексине ылайык, алгач тешкерүү иштери жүргүзүлөт. Күнөөсү аныкталса, биринчи түзөтүү ишине, экинчиден, коомдук жумуштарга тартылат, үчүнчүсү айып пул салынат.

Ошондой эле жаңы жылдан тарта Тергөө судьясы институту ишке кирмекчи. Күчүнө кирчү жаңы кодекстер боюнча кылмыш-жаза мыйзамдары жумшарып (гуманизация), жеңил кылмыш менен камалган  470 кылмышкер эркиндикке чыгат.

Шайлоо системасы өзгөрөт

Дагы бир маанилүү жагдай — шайлоо системасына киргизе турган өзгөртүүлөр. Бүгүнкү күнү президенттин тапшырмасы менен атайын жумушчу топ бекиген. Анда партиялардын сапатын жакшыртуу жана талапкерлерди тизмесин дыкат кароого көңүл бурулат. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өз добуштарын берүүгө шарттар каралганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бегматов айтып берди.

Кирип келе жаткан 2019-жыл шайлоо системасында бир топ жаңылыктарды жана өзгөртүүлөрдү алып келет. Атап айтканда, тизмелердин так түзүлүшүнө Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, паспорт столдор, каттоодон чыгарууда мамлекеттик органдардын жана Борбордук шайлоо комиссияныны жоопкерчилиги каралган. Мындан сырткары талапкерлерди жылдырууда саясий партиялардын жана талапкерлердин жоопкерчилиги. Буга чейин болуп келген терс көрүнүштөрдү жоюу максатын көздөп турабыз.

Мындан тышкары өлкөнү санариптик трансформациялоо концепциясынын алкагында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр 2019-жылдан тарта электрондук негизде бериле баштайт. Беш жылдык мөөнөттө кагаз менен справка ташыган учур токтойт. Концепциянын негизги өзгөчөлүгүнө санариптик трансформация боюнча президенттин кеңешчиси Дастан Догоев токтолду.

Азыркы убакта 27 мамлекетик орган маалымкаттын 126 түрүн берип келет. Ошонун баары ушул концепцияны ишке ашыруу менен жокко чыгарылат. Мамлекеттик органдар ортосундагы документ алмашуу процедуралары максималдуу түрдө токтойт. Натыйжада, жарандар кызматты дароо пайдаланууга өтөт.  

«Коопсуз шаар» ишке кирет

Дагы бир жаңылык, Өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар шаардагы негизги 10 кесилиш менен 17 чоң трассага коюлуп, жети түрдүү эреже бузууну каттайт. Азырынча алар сынамык режиминде иштеп башташты. 12-февралдан баштап, жол эрежесин бузган айдоочудан айып пул алына баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик агенттигинен басма-сөз катчысынын милдетин аткаруучу  Анара Мамытова билдирди.

Бүгүнкү күнү «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын көчөлөрүнө камералар орнотулуп жатат. Шаардагы борбордук көчөлөр менен кошо шаар сыртындагы кесилиштерге дагы коюлууда. Негизги 10 кесилиш менен 17 чоң трассага орнотулуп, жети түрдүү эреже бузууну каттайт.

 Андан соң долбоордун экинчи этабы башталмакчы.

2019-жылдан тарта жол эрежесин бузган айдоочунун күбөлүгү тартылып алынбайт. Окуя каталган жерде электрондук протокол толтурулуп, айып пул салынат. Айып пулдун суммасы дагы жогорулады. Жаңы жылдан тарта мас абалында унаа айдаган айдоочуларга 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Мындайда милиция кызмаркери айдоочунун унаасын убактылуу токтотуучу жайга коюуга укуктуу. Ал эми айып пул 1 айдын ичинде төлөнбөсө, туум кошулат. Жаңы мыйзамдарга ылайык, туумдар  көтөрүлгөн.

Европага баруу жеңилдейт

Кыргызстандык жарандар үчүн Шенген визасын алуу жөнөкөйлөштүрүлдү. Себеби Евробиримдик 2019-жылы виза кодексин кайра карап чыгат. Европа биримдиги Европада саякаттоону каалаган кыргызстандык туристтер үчүн виза алуу шарттарын жеңилдетүүгө ниеттенүүдө. Евробиримдик жаңы Виза кодексин даярдоодо, бул айрым бюрократиялык процесстерди жоюуга жардам берет.

Күйүүчү май арзандайт

2019-жылдын январынан тарта жарым миллион тонна мунай жана мунай продукциялары Орусиядан кошумча бажы салыгысыз алынып келинет. Өкмөт аралык келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылдын аягында кол койду. Эми мунай базарында баалар бир сом аралыгында түшөрүн Өнөр-жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Жыргалбек Сагынбаев айтты.

2019-жылы келишимдик негизде бажы төлөмү жок Кыргызстанга 50 миң тонна мунай, 485 миң тонна бензин , 560миң тонна дизелдик отун жана 135 миң тонна учактар керектөөчү май ташылып келет. Натыйжада, күйүүчү май рыногунда нарк 2-3 пайызга түшөт деп болжолдонууда.

Ишкерлерди текшерүү азаят

Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салынды. Мораторий 1-январдан тарта күчүнө кирет жана 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт. Бизнестер мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүгө алынбаганы менен, өндүрүлгөн продукциялардын сапаты жана коопсуздугу көзөмөлгө алынып турат.

Дагы бир белгилейт кетчү жагдай, Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүлдү. Комитетти Жээнбеков өзү жетектеп, төраганын орун басары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов болмокчу. Ал эми мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынан, ишкердик менен алектенген бир катар ишканалардын жетекчилеринен, эксперттерден түзүлгөн. Эми ишкердик жана өндүрүш тармагындагы маселерди ыкчам түрдө чечүү үчүн иш алып бара турганын Президентик Аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев айтып берди.

Негизги багыт аймактардагы өндүрүш саясатын анализдеп чыгуу болуп турат. Ушул жердеги мүчүлүштүктөр, тоскоолдуктар же кемчиликтер аныкталып чыгат. Ошонун негизинде өндүрүштү аймактык деңгээлде күчөтүү максатында атайын сунуштар иштелип чыгат жана андан ары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, өкмөткө же башка органдарга берилмекчи.

Экинчи чоң тармак — ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык климатты жакшыртуу. Бүгүнкү күнү негизги көйгөйлөрдүн бири — сот системасындагы болуп жаткан бизнес өкүлдөрдөгү кыйынчылыктар. Ошол эле укук коргоо органдары менен карым-катнашта дагы кыйынчылыктар келип чыгууда. Мындан улам, ушул маселелер дагы жогорку кеңгээлде каралышы мүмкүн.

Майыптарды караган ата-энелерге жөлөк пул бериле баштайт

2019-жылдан тарта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын кароо жана көзөмөлдөөсү үчүн ата-энелерге  жөлөк пул бериле баштайт. Айына 4900 сом өлчөмүндө жөлөк пул бериле баштайт. Анын суммасын жылдан-жылга өзгөргөн жашоо минимумунун деңгээлине жараша карап, өзгөртүлүп тураанын Социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Пул берүү 1-январдан тарта төлөнүп баштайт. Ноябрда берилмек, бирок биз өзгөртүүлөрдү киргиздик. Кыйналып баласын бирөөгө таштап кете албаган ата-энелер бир топ документ алып келиши керек эле. Эми министрлик аларга ыңгайлуу шарт түзүү боюнча докуементти чогултууга милдеттендирилди. Ушул процедураларды жөнгө салуу жана келишимдерди түзүү үчүн кармалып жатат. Жашоо минимумунун өлчөмүндө 4962 сом төлөнөт.

Ошондой эле Мамлекеттик тарых музейи келерки жылы ачылат.

Буга кошумча «Ачык асман» долбоору жана акылуу жолдор келээрки жылы ишке ашары күтүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM