Биз менен байланышыңыз

Италияда бюджет чыры уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Дек 2018 | 601 | 0

Италия өкмөтү 2019-жылдын бюджетин Евробиримдиктин талаптарына ылайык оңдоп, бекитүү боюнча парламент менен бир пикирге келе албай жатат. Бул тууралуу европалык басылмалар жазышты.

Жаңы жылга чейин бюджетти бекитүү зарыл болгондуктан өкмөт аны шашылыш түрдө кабыл алдырууга аракет кылууда. Жада калса парламент дем алыш күндөрү да жыйналып, бул маселени карамай болушту.

Мындай маанилүү документти кароону шашылыш алып барып жатканы үчүн оппозициялык Демократиялык партиясы өкмөткө нааразылык билдирүүдө.

Ал эми премьер-министр Жузеппе Конте керектүү оңдоолор киргизилгенин, Брюссель муну кабыл алуусу керектигин айтууда. Анын пикиринде негизги экономикалык параметрлер оңдолсо, калган майда-барат маселелерге Евробиримдик көңүл бурбайт.

Эске салсак, Италиянын 2019-жылга карата бюджети өзү мүчө болгон Евробиримдиктин койгон чегинен ашыкча ири дефицит менен бекитилген. Мындай тобокелчиликке каршылык кылып, биримдиктин жетекчилиги аны өзгөртүү тапшырмасын берген. Эгерде бул жолу да бюджеттин таңкыстыгы ашыкча чыкса Римди чоң көлөмдөгү айып пул күтүп турат.

Copyright © 2017 Maral FM