Шашылыш кабар:

Накен Касиев: Мэрлик кызмат жогору жактан чечилет

Накен Касиев: Мэрлик кызмат жогору жактан чечилет
Күн чекит
0

18-июлда Ош шаарынын мэрин шайлоо болот. Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция 9-июлда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарымдуу укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевди мэрликке сунуш кылган. Ал бул кызматка атаандашсыз жалгыз баратат. Биз ушул теманын айланасында Ош облусунун мурдагы губернатору Накен Касиев менен маектештик.

Марал: Мэрлик кызматтын орду облус жетекчисиникинен дагы жогору деген сөздөр айтылып келет. Бул канчалык жөндүү?

Накен Касиев: Бул туура эмес. Себеби облустун губернатору дагы шаардагы миллионго жакын адамдардын тагдырына, ал жактагы элдин социалдык, экономикалык тармактагы маселелерине жооптуу адам. Ош шаары экинчи борбор болгондуктан бул облуста иштөө абдан жооптуу иш. Ал эми шаар мэри менен губернатордун кызматын таразага салып бири ылдый, бирөө өйдө турат деп салыштыруу туура эмес. Эки орундун тең кызматы бирдей жана жоопкерчилиги дагы жогору.

Марал: Ош шаарынын башчылыгына Сарыбашевдин атаандашсыз баратышы эмнени каңкуулайт?

Накен Касиев: Мүмкүн, муну жокко чыгара албайбыз. Мэрликке бара жаткан талапкер сөзсүз түрдө президентте дагы өкмөттө дагы талкууланат. Алар тараптан макулдук берилип же каршылык айтылышы мүмкүн. Бул иш кандай болгон күндө дагы жогору жак менен макулдашылышы мүмкүн. Ал эми мэрди шайлаш шаардык кеңештин колунда. Менин оюмча келечекте мэрди түз шайлоого барыш керек.

Ош облусуна болсо абдан жоопкерчиликтүү адам келсе жакшы болот. Анткени кандай болгон күндө дагы улут аралык маселелер азыр тынчый элек. Бул билинбегени менен курч болуп турат. Экинчиден Ош шаарында чечилбеген дагы бир топ маселелер бар. Чек араны тактоо, суу көйгөйү, газ маселеси бар. Ошондуктан Оштун мэри, жетекчиси абдан такшалган, айрыкча бычактын кырындай болгон улут аралык маселе менен иштей алса сөзсүз алдыга жылуу болот.

Марал: Кыргызстанда мэрлик орун чарбалык кызматтан дагы көп учурда саясий кызмат катары бааланып келет. Бул албетте шаарлардын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизээри белгилүү да. Маселени кантип чечсе болот?

Накен Касиев: Ооба, тилекке каршы бул кызматты ушул багытта пайдаланып коюп жатабыз. Болбосо мэр деген чарбакер, экономиканы дагы, шаардын коммуналдык маселелерин дагы, шаардагы болуп жаткан көйгөйдү түшүнгөн адам болсо жакшы болот эле. Тилекке каршы мэрликти башынан эле саясатка пайдаланып, бул кызматка келчүлөрдү ушуга үйрөтүп койдук. Мына ушул жол менен шайланып, иштеп жатат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache