Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Бишкекте алгачкы камералар ишке кирди

Кыска кабар | 28 Дек 2018 | 804 | 0

Өкмөттүн «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында коюлчу алгачкы көзөмөл камералары Бишкектин көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулду. Азырынча алар сынамык режиминде иштеп башташты. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Камералар шаардагы негизги 10 кесилиш менен 17 чоң трассага коюлуп, жети түрдүү эреже бузууну каттайт.

Эске салсак, төрт жыл мурун каралган долбоор ишке ашпай келип, ушул жылдын ноябрь айында орусиялык «Вега» компаниясы менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык токсон кундүн ичинде аталган компания алгачкы көзөмөл камераларын коюусу шарт болчу. Долбоор толугу менен жарым жылда ишке киришет.

Copyright © 2017 Maral FM