Шашылыш кабар:

Мигранттар өлкөгө инвестор болгусу келет

Мигранттар өлкөгө инвестор болгусу келет
Экономика
0

Мындан бир нече жыл мурун үй-бүлөсүн багуу үчүн барып, кийин чет өлкөдөн бутуна турган мекендештер Кыргызстанга инвестор болууга даяр экенин айтышты. Бирок буга өкмөт тарабынан колдоо болушу керектигин, азырынча аткаруу бийлиги андай көмөктү көрсөтпөй жатканына нааразы болушту.

«Биз даяр инвесторбуз»

Акбар Маразыков 2003-жылы көпчүлүк кыргызстандыктардай эле Орусияга мигрант болуп кеткен. Он жылдан ашык чет жакта иштеген Маразыков 2015-жылы Москва шаарында Эл аралык ишкерлер ассоциациясын негиздеп, 20га чукул адамдын башын бириктирген. Ал башта кара жумушта иштеген кыргыздар азыр бутуна туруп, өлкөгө инвестиция салууга даяр экенине ишендирип, ал үчүн өкмөттөн шарт түзүп берүүнү суранды.

— Эң башксы бизге өкмөттөн кепилдик болушу керек. Анткени биз даяр инвесторбуз. Эгер биз 15 жыл мурун Москвага жөн гана тыйын тапканы барсак азыр ал мигранттар даяр инвестор болду. Муну өкмөт түшүнүшү керек. Алар башка өлкөлөргө сиңип кете электе өкмөт тартышы зарыл.

Расмий маалымат боюнча 2017-жылы сыртта жүргөн 800 миңдин тегерегиндеги мигранттар Кыргызстанга 2 млрд 482,2 млн доллар которгон. Жыйында бул өлкөнүн ИДП 34,3 пайызын түзөөрү айтылды. Келген каражаттардын 90 пайызы же 2 млрд 435 млн долларды Орусиядагы мекендештер которгон. Аталган өлкөдөгү эмгек мигранты Марат Исаев бул Кыргызстан үчүн чоң инвестиция деп эсептейт.

— Мигрант деп айтса биз 10 жылдап, 20 жылдап мигрант болуп жүрө берет экенбиз. Биз өзүбүздүн үй-бүлөбүздү багабыз деп чет жактан акча которобуз. Бул бир гана өзүбүздүн үй-бүлөбүз үчүн эмес мамлекеттин дагы экономикасын көтөрүп жаткан экенбиз. Ошол эле учурда Кыргызстанга инвестиция кылып жатабыз.

Мигранттарга бут тоскон жагдайлар

Улуттук банктын маалыматында 2018-жылдын төрт айында эмгек мигранттары Кыргызстанга 700,5 млн доллар которду. Анын ичинен Орусиядан келген каражаттардын суммасы 686,5 млн долларды же 99,8 пайызды түзөт. Мигранттар эми өлкөгө келип ишкерлик менен алектенүү ниеттери бар экенин айтышты. Бирок ага тоскоол болгон жагдайлар тууралуу «Тянь-Шань Форель» балык чарбасынын ээси Илгиз Сарылдык уулу буларды тизмектеди.

— Бизде текшерүү деген көп. Бул тууралуу өткөндө премьер-министрибиз дагы айткан. Мен дагы өкмөт башчыга бул тууралуу айткам. Жаңыдан ишти баштап жаткансаң бир күнү Салык кызматы келет, бир күнү Экотехинспекциясы келет, бир күнү өрт өчүрүчүү кызматы келет. Биз деген соода борборун ачкан жокпуз да. Бул деген чарба иши. Азыр чиновниктер колдогондун ордуна акча иштеп калгысы келет.

Ушундан улам жыйындын катышуучулары атайын резолюция кабыл алып, президентке кайрылып, өкмөткө сунуш беришти. Анда инвесторлорду 5 жылдык мөөнөткө салыктардан бошотуу жана жаңы ачылган ишканаларды 3 жылга фискалдык текшерүүлөрдөн арылтуу демилгеси бар. «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов эмгек мигранттарды реалдуу инвестор катары таанууга убакыт келгенин айтууда.

— Айрым олигархтарыбыз биздин мекенден киреше таап, бирок негизги капиталды башка мамлекеттерге жумшап жатат. Ошол эле учурда эмгек мигранттарыбыз бөтөн жерден жон териси менен кире таап аны Кыргызстанга инвестициялоо жолу менен келе жатат. Ушу менен биз эмгек мигранттары бүгүнкү күндө Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлору жана муну биз расмий таанышыбыз керек деп эсептейбиз.

Өкмөттүн аракети кандай?

Июль айынын башында эле Экономика министрлиги буга чейин кайта баштан түзүлгөн ишканаларды эки жылдык мөөнөткө текшерүүлөрдөн бошотуу чечими кабыл алынганын билдирген.  Мамлекеттик миграция кызматынын сырткы миграция бөлүмүнүн башчысы Улан Шамшиев болсо бул жаатта мигранттарды колдоо боюнча атайын долбоор иштелип чыкканын кабарлады.

— Чет жакта иштеп жаткан туугандарыбыздын акчасын туура колдонуу жана аны өнүктүрүүгө багыттаганга долбоорлорду ойлоп таап, жаңы программаларды ишке ашыруу боюнча мекендештерди колдоо программасы макулдашуудан өтүп, өкмөттүн аппараттынын кароосунда турат. Ал жерде мыйзамдык базаны өнүктүрүп, мекендештерибизге ыңгайлуу шарттарды тузүп берүү каралган.

Жыйында ошондой эле мигранттардын медициналык камсыздоо, пенсиялык төлөмдөр маселесин чечүү, Орусияда жаңы күчүнө кирген миграциялык каттоо боюнча мыйзам тууралуу жеңилдиктерди кароо боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү сындуу сунуштар берилди.

Мамлекеттик миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча учурда 800 миңдин тегерегиндеги кыргызстандыктар чет жакта мигрант болуп жүрөт.  Анын 640 миңдейи Орусияда эмгектенет. Бирок бейрасмий маалыматтарда алардын саны 1 миллионго чейин жакындаары айтылып келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache