Шашылыш кабар:

Саясий партиялар шайлоо күрөөсү 5 миллионду төлөш үчүн, кандай жолго барышат?

Май 6, 2015 | жарыялаган maraluser
68

“5 млн.дук күрөө айрым партиялар үчүн коррупция схемасына шарт түзөт. Эми партиялар шайлоого барыш үчүн, жаңы кире турган мүчөлөрүнө акча талап кылуусу да толук мүмкүн дейт”,- П. Суранова

Апрель айынын акыркы жумалыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө “КРнын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” президент А. Атамбаев “КРнын конституциялык мыйзамына” кол койгон. Маселен шайлоого катышкан саясий партиялардын шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин жогорулатуу боюнча. Эми өлкө башчы кол койгондон кийин, талкуулоонун канчалык кажети бар дегенибиз менен бир катар жаңы партиялар жогоруда аталган мыйзамга каршы экени айтышып, керек болсо конституциялык палатага чейин кайрылышаарын айтып чыгышкан.
Эми шайлоого 5 ай кана убакыт калганда, мындай пикир келишпестик эмне болору убакыт көрсөтөт. Ушул маселердин үстүндө “Акыйкат таразасы программасында” “Эмгек саясий" партиясынын мүчөсү Мирзат Аджиев, “Замандаш” партиясынын улук кеңеш мүчөсү Перизат Суранова жана “Адам укугу” саясий партиясынын жетекчиси Турсунбек Акун талкууга катышты.

 


 

-Алгач суроону үчөөңүздөргө тең багыттасам. Жогорудагы мыйзам долбоор 2015-жылы 9-апрелинде парламенттин жалпы жыйынында колдоо таап, андан кийин өлкө башчы тарабынан кол коюлган. Бирок арадан көп өтпөй, буга каршы партиялар укуктары тебеленип жатканын белгилешип конституциялык палатага кайрылышаарын билдиришкен. Шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү 500 миң сомдон 5 млн. сомго чейин жогорлашына Сиздердин пикир кандай?

Турсунбек Акун: Эми ар тирдүү кептер айтылып жатат. Мен буга чейин Кыргызстанга белгилүү партия өкүлдөрү менен сүйлөштүм. Алардын айтымында эгер мындай 5 млн.дук күрөө болбогондо, өзүн партия дегендин бары чоң-кичине дебей шайлоого катышып башаламандык болмок дешти. Бирок өлкөбүздүн жарымынан көбү, жарды болгондуктан жогорудагы сумма кыйынчылыкты туудурбай койбойт. Колунда жок партиялар ошонун айынан шайлоого баралбай калууда.

Перизат Суранова: Бул мыйзам долбоору бүгүнкү күндө, өтө актуалдуу маселе болгону менен мыйзам кабыл алынып калды. Азыр бул талкуунун үстүндөгү кана иш болууда. Президент түзгөн жумушчу топтун мүчөсү катары айтып койсом. Маселен күрөөнүн пайызын көбөйтүү боюнча сунуштар болгондо, жумушчу топтун көбүнчө мүчөлөрү буга каршы чыгышкан. Бирок ошол эле учурда шайлоо күрөөсүн 10 млн.дон өйдө коюшубуз керек деген да пикирлер айтылган. Кээ бир өнүккөн мамлекеттерде, бүгүнкү күндө мисалы Франция, Германияда шайлоо күрөөсү 10 миң доллардын эле тегерегиндеги эле каражат. Бул дегендик жаңы саясатка киришебиз деген жарандарга жакшы мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат. Ошондуктан бул маселе партияда коррупция схемасына шарт түзөт. Эми партиялар шайлоого барыш үчүн, жаңы кире турган мүчөлөрүнө акча талап кылуусу да мүмкүн деген олуттуу кооптонуу бар.

Мирзат Аджиев: Азыркы заманда жаңы көз караштардын негизинде, алдыга өсүп өзгөрүшүбүз керек. Албетте элде акча жок, абал оор экенин түшүнөм. Бирок жогорудагы мыйзамдын өзөгү мында жатышы мүмкүн. Өзүңөр билесиңер өткөн президенттик шайлоодо 80ден ашык талапкер чыгып эл аралык чөйрөгө күлкү болгонбуз. Ошолорду эске алуу менен жогорудагы чечимди кабыл алышса керек. Азыр биз партиялардын санына эмес, сапатына өтүшүбүз керек. Мыйзамдуу өлкө болгондон кийин, кабыл алынган чечимдерди сыйлап мамлекеттин өнүгүшүнө бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышыбыз керек деп ойлойм.

-5 млн.дун айынан катышалбай кала тураган партиялар болобу. Анда аталган мыйзам долбоору, баш мыйзамга каршы болуп калбайбы. Себеп дегенде конституцияда Кыргызстандын 21 жашка чыккан ар бир жараны, шайланууга укуктуу деп турбайбы?

Турсунбек Акун: Адам укугу одоно бузулуп жатат. Себеби каражат маселесинде чектелип калып жатышат. Ар бир 18 жашка чыкан жаран добуш бергенге укуктуу, дегендей эле 21 жаштагы Кыргызстандын атуулу шайланууга укугу бар, мыйзам боюнча. Бирок президент кеңешип кол коюп жаткандан кийин аны да сыйлап аткарышыбыз керек.

— Замандаш партиясы, Сиздер аталган күрөө менен барасыздарбы шайлоого?

Перизат Суранова: Албетте, мыйзамдын чегинде барабыз. Маселе бул жерде болуп жатат. Мына парламенттик шайлоого 5 же 20 партия катышабы аны убакыт көрсөтөт. Бирок катышкан ар бир партия шайлоо күрөөсүн төлөйт. Мурунку шайлоолордон алган тажыйрбаны негизинде айтып жатабыз. Уткан партияларга каражатын кайтарып берет деген менен берки, утулган партиялар көп болуп жатпайбы. Алардын каражаты БШКнын атайы эсебинде калат. Ошол калган акча каражат кайда сарпталары коомчулукта бүдөмүк. Ушул боюнча бир нече сунуш киргизгенбиз, бирок толук кандуу жооп жок. Шайлоо системасын жакшыртып жатабыз деп жатышат. Бирок биз жаңылоону көрө албай жатпайбызбы. Эгер ачык айкындуулук болгондо, жогорудагы маселер көтөрүлбөйт эле.

5 млн.дук күрөөгө макул болбой, Конституциялык палатага арыз менен кайрылабыз деп жаткан демгилгечилердин катарындагы “Калыс саясий кыймылынын” лидери Жеңиш Молдокматовго. 

-Мына сиздер өлкө башчы кол койгон мыйзам долбооруна каршы чыгып жатасыздар. Тактап айтканда шайлоо күрөөсүнүн өлчөмү 5 млн. сомго чейин жогорулаганы туура эмес деп, Конституциялык палата кайрылып жатасыздар. Жыйынтыгы өзгөрөбү же жөн эле кол топтообу?

Конституциялык палатага кайрылуунун өзүнүн жолу бар. Мыйзамга кол коюлуп, ал күчүнө киргенден кийин кайрылат. Ошондуктан 1-2 күндүн ичинде деп турабыз. Бул мыйзам боюнча бир шайлоодогу күрөөгө кана деп багыттаган жокпуз. Бул жерде негизги жарандардын конституциялык укугу бузулуп жатат. Биз үч негизги маселе көтөрүп жатабыз.

-Мыйзам долбоору көп убакытты талап кылат эмеспи. Шайлоого дээрлик 5 ай калганда жыйынтык канчалык?

Кыска мөөнөттө чечсе болот. Мурун ушул сыяктуу маселелер, чечилип эле келген.

-Азыр Сиздерди колдогон партия же кыймылдар барбы?

Чоң партияларга кошулбаган жаш партиялар бар. Андан тышкары коомдук ишмерлер, активисттер, жарандар бар. Дагы кошулуп жатат жакынкы аралыкта билинип калат.

-Эгер 5 млн. күрөө болбосо, шайлоого баралы деп жаттыңар беле?

Эми бул күрөө киргенден кийин шайлоого барганга аргасызбыз. Болгону, бул күрөө искусстволук жол менен тоскоолдук болуп жатат. Шайлоодо күрөө эмес, саясий партиялардын идеялары, программаларынын күрөшүүсү болуш керек эле.
 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *