Биз менен байланышыңыз

Догоев: Атайын долбоорлор менен башкаруу борбору курулат

Пикирлер | 25 Дек 2018 | 691 | 0

Ар бир мамлекеттик органдын жетекчилери санариптик трансформациянын концепциясын ишке ашырууга жооптуу. Бул тууралуу аталган конценцияны ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Дастан Догоев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, санариптик трансформация боюнча түзүлгөн жумушчу топтун негизги максаты мониторинг жүргүүзүү жана баа берүү болуп саналат.

Өкмөттүн структурасында атайын долбоорлор менен башкаруу борбору курулат. Учурда бул маселе каралып жатат. Борбордун негизги максаты санариптик трансформациялоонун алкагында долбоорлорду иштеп чыгуу, аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүү. Борбор өкмөттүн аппаратынын курамында болот.

«Санариптик трансформацияга өтүү ишине кыргызстандык адистерди тартып, аларга тиешелүү шарттарды түзүп беришибиз керек. Алсак, жогорку технология паркында 46 IT-компания катталган. Аталган  пактын продукцияларынын 80% экспортко багытталган. Алардын жылдык кирешеси 10 млн доллардан ашууда. Эми бул көрсөткүчтү 200 млн долларга жеткирүү үчүн шарттарды түзүп беришибиз керек. IT адистерге акы төлөө каралган. Концепцияны ишке ашыруу үчүн 5 жылдык жол карта иштелип чыгууда. Долбоорду каржылоо маселеси өкмөткө багытталган», — дейт Догоев.

Маалыматка ылайык, Коопсуздук Кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бекитилген концепцияда 2 негиздеме каралган. Негиздемелер — санариптик трансформациялоону эффективдүү ишке ашыруу боюнча керектүү багыт.

«Санарип эмес негиздемелер — тиешелүү мыйзамдык база, билим берүү, санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү тармактары. IT адистерден сырткары жарандардын дагы көндүмдөнүн өнүктүрүп, тиешелүү шарттарды түзүү зарыл. Алсак, юрист да, финансист да санариптик технология, ыкмалар менен колдонууга өзүнүн жөндөмдүүлүгүн жогорулатышы керек. Болбосо концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү аз болот», — дейт Догоев.

Copyright © 2017 Maral FM