Шашылыш кабар:

Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулду

Июль 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулду
Кыска кабар
0

Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 13-июлда кезексиз жыйынга чогулду. Ага шаардык кеңештеги 45 депутаттын 39у катышып жатат.

Шаардык кеңештин жыйынына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов келген жок. Учурда мэрдин милдетин аткарып жаткан вице-мэр Бакытбек Дүйшөмбиев шаар мэри Албек Ибраиомов эмгек өргүүсүнө чыккандыктан ал мэрдин милдетин аткарып жатканын айтты.

Анын айтымында, мэр 10-июлда эмгек өргүүсүнө кеткен жана ал 3 күндөн бери калаа башчынын милдетин аткарып жатат.

Буга чейин шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев «Марал» радиосуна берген маегинде кезексиз жыйында мэр Албек Ибраимовду кызматтан алуу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдирген.

Анын айтымында, кезексиз жыйындын негизги себеби, шаардагы кырдаалга байланыштуу. Тагыраагы, учурда биринчи вице-мэр Ренат Макенов азыркы тапта УКМКда камакта, шаар башчысы 10-июлдан тартып эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен. Фракциялар ушул маселени кароо үчүн расмий кайрылышкан.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache