Шашылыш кабар:

Бүгүн шаардык кеңеш мэрди кызматтан алышы мүмкүн

Июль 13th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Бүгүн шаардык кеңеш мэрди кызматтан алышы мүмкүн
Кыска кабар
0

Бүгүн 13-июлда шаардык кеңеш мэрди кызматтан алышы мүмкүн Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев “Марал” радиосуна билдирди.

Анын айтымында, кезексиз жыйындын негизги себеби, шаардагы кырдаалга байланыштуу. Тагыраагы, вице-мэр азыркы тапта суракта болуп жатса шаар башчысы 10-июлдан тартып эмгек өргүүсүнө чыгып кеткен. Фракциялар ушул маселени кароо үчүн расмий кайрылышкан.

Ал шаардык кеңеш мэрди шайлагандыктан, анын ишин каалаган учурда караганга укугу бар экенин кошумчалады.

Буга чейин шаардык кеңештин бардык фракциялары мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча сунуштарын беришкенин депутат Рыспай Аматов билдирген. Мындай чечимди кабыл алууга борбор шаардагы учурда болуп жаткан окуялар себеп болгон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache