Биз менен байланышыңыз

9-классты бүтүргөн 9 миңдей бала окуусун уланткан эмес

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 683 | 0

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети мектеп окуучуларынын өлкөнүн билим берүү тутумуна толук тартылышын камсыз кылууга багытталган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын өзгөртүлгөн концепциясын жактырды.

Демилгечилердин бири Мирлан Жеенчороевдин айтымында, жыл сайын болжол менен өспүрүмдөр жасаган 980 жана өспүрүмдөргө карата жасалган 1070 кылмыш иши катталган. Ушул тапта 9-классты бүтүргөн 9754 бала билимин уланткан эмес. Ал эми 15-16 жаштагы балдардын жумушка орношуу мүмкүндүгү жок, эмгек мыйзамында чектөөлөр болгондуктан, аларды жумушка алуу ишканалар үчүн пайдасыз.

Ошондон улам, негизги жалпы билим алган баштапкы жана орто кесиптик, орто жалпы билим алуунун программасы боюнча андан ары окууну уланткысы келбегендер үчүн милдеттүү акысыз билим берүү чарасын киргизүү демилгеси сунушталууда.

Ал үчүн алдын-ала эсептөөлөр боюнча республикалык бюджеттен кошумча 757 млн сом, анын ичинен жалпы билим берүү уюмдарынын тутумуна 182 млн сом, башталгыч кесиптик билим берүү тутумуна 277 млн сом жана орто кесиптик билим берүү тутумуна 297 млн сом талап кылынат. Бирок, мындай каражат республикалык бюджетте каралган эмес.

Мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрынан баштап белгилөө сунушталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM