Шашылыш кабар:

Жээнбеков Конгантиевдин ишин иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды

Июль 12th, 2018 | by Талгат Мураталиев
Жээнбеков Конгантиевдин ишин иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды
Кыска кабар
0

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, анын жыйынтыгына укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырды. Ал мындай сөзүн бүгүн, 12-июлда Талас облусундагы иш сапарында эл менен жолугушкан учурда билдирди.

Жолугушууда президент 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, кызматтык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча токтотулган кылмыш иштери өлкөнүн прокуратура органдары тарабынан иликтенип чыкканын билдирди.

Анын айтымында, прокуратура органдары көзөмөл иретинде 2010-2017-жылдарда бардыгы болуп 3408 кылмыш ишин — 2262 токтотулган жана 1146 жабылган кылмыш иштерин иликтеп чыгып, анын ичинен 498 токтотулган жана 85 жабылган кылмыш иштери боюнча иликтөөнү кайра жандантты. Иликтөөнүн натыйжасында акыркы процессуалдык чечим кабыл алынып, 51 иш сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 6 иш боюнча тергөө токтотулган. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», — деди Жээнбеков.

Эске салсак, Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда токтотулганын 5-июлда анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген. Кийинчерээк бул маалыматты УКМК тастыктаган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache