Биз менен байланышыңыз

Дыйканбаев: Сурабалдиевага коркутуулар болсо, жанында болом

Кыска кабар | 24 Дек 2018 | 1049 | 0

Мындай пикирин Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев «Марал» радиосуна айтты. Анда депутат Элвира Сурабалдиева корко турчу депутат эмес экенин белгилеп, бирок кабинетинде жолукканын тастыктады. Жолугушууда Сурабалдиевадан башка Жанар Акаев жана Айсулуу Мамашевалар болгон. Бирок ал жерде «Росинбанк» жана «Кыял» жөнүндө сөз болгон эмес.

Болгону курч маселени көтөргөн депутат катары этият болууга чакырганын айтып, эгер эл өкүлүнө карата коркутуулар болсо, анын жанында болорун Дыйканбаев белгиледи.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева өткөн аптада комитет жыйынында бизнеске коркутуулар болуп жатканын ачык айткан. Мындан улам эл өкүлүнө коркутуулар башталганын социалдык тармактардагы баракчасына жазып чыккан эле.

Сурабалдиева: Мага ак үйдөн коркутуу болду

 

Copyright © 2017 Maral FM